Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Көп улуттуу Токмок шаарына 154 жыл

Быйыл Чүй облусунун Токмок шаарынын түптөлгөнүнө 154 жыл болду. Шаарда 60 миңден ашык жашоочу бар экенин мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок шаарында көп улуттун өкүлдөрү жашайт.

«Элдин көпчүлүгүн кыргыздар, орустар жана дунгандар түзөт. Ошондой эле өзбектер, уйгурлар, татарлар, казактар жана башка улуттун өкүлдөрү да бар. Шаар калкы негизинен өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, соода, коммуналдык ишканаларда, базарларда жана өздөрүнүн чарбаларында иштешет.

1991-жылдан, тактап айтканда Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон баштап Токмок шаарында бир кыйла реформалар жүрдү. Ошого байланыштуу Токмок шаарынын чарба жүргүзүү тармактарында көп структуралык өзгөрүүлөр болуп, түрдүү формадагы менчик ишканалар, мекеме-уюмдар жана коомдор пайда болду.

Токмок шаарында 2013-жылы юридикалык каттоодон өткөн 396 субьекттин баары иштейт. Анын ичинде 35 ишкана нан, 3 ишкана макарон азыктарын, 5 ишкана чүчвара жана 1 ишкана колбаса чыгарат. Жеке жана чакан 22 өнөр жай ишканасы бар. Ошондой эле айнек, тактай, бетон чыгарылган өндүрүштөр да иштейт. Шаарда өндүрүлгөн өнөр-жай продукциясынын 82%ы ушул ишканаларга туура келет», — деп айтылат маалыматта.

Шаарда 13 орто мектеп, музыкалык жана спорт мектептери, 5 бала бакча, маданият үйү, музей, мейманканалар, 8 китепкана, кинотеатрлар, окуу жайлар бар. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, оорукана, бейтапканалар, дарыканалар жайгашкан.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге бир нече эстелик орнотулган. Чүй өрөөнүндөгү эң ири мал базар жана жашылча сатылган базар иштеп, ал Казакстан менен тыгыз соода байланышын жүргүзөт.

Токмок шаардык тарыхый аймак таануу музейинин директору Замира Шоконова буларга токтолду.

«7-октябрда Токмок шаарына 154 жыл толду. Толкуган тарыхы бар Токмок шаарынын өсүп өнүгүүсүнө, гүлдөгөн шаарга айланышына, шаардагы көп улуттуу калктын биримдикте, ынтымакта, аманчылыкта жашоосуна тилектешпиз.

Токмок – XIX кылымдын башында негизделген шаар. Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан жерди XIX кылымдын башында Кокон хандыгы басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. 1866-жылы Токмок шаары макамын алган. 1867-1878 жылдары Токмок уездинин борбору болуп турган. 1878-жылы уезддин борборунун Пишпек шаарына көчүрүлүшүнө байланыштуу Токмок болуштун борбору болуп калган. Ал эми 2002-жылы ал Чүй облусунун борбору болуп аталды.

Токмок шаары азыркы учурда Кыргызстандагы Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоң шаар болуп саналат. Анын түштүк-батыш тарабында Бурана шаар чалдыбары жайгашкан. Ал орто кылымдардагы өтө маанилүү шаарлардын бири, Баласагын шаарынын калдыгы болуп эсептелет. Баласагын шаары Караханийлер мамлекетинин түндүктөгү борбору болгон. Бул шаар Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан. Токмок шаарынын аталышы, мүмкүн токмок деген аспаптын атынан же байыркы түрктөрдүн «токмок» (төгүү, куюу) деген сөзүнөн пайда болгон. Себеби шаар Чүй дарыясынын жээгинде жайгашкан. Улуу Жибек жолу соода ишинин күрөө тамыры болгон. Ал бир жарым миң жылдар бою аракетте болуп, көптөгөн элдердин жана мамлекеттердин тагдырын тыгыз байланыштыруучу милдетти аткарган. Бул алгачкы дүйнөлүк эл аралык соода жолунун узундугу 7000ден ашык чакырымды түзгөн.

X-XII кылымдарда бул аймактын экономикасы менен маданияты жогорку деңгээлде өнүккөн. Биздин күнгө чейин көп сандаган тарыхый эстеликтери, ири шаарлардын, кыштактардын, бейиттердин жана айрым архитектуралык эстеликтердин калдыктары сакталып калган», — деди ал.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика