Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Кара-Балта шаарындагы аялдар кеңешинин мүчөлөрү карыялардан кабар алышты

— Кара-Балта шаарындагы аялдар кеңешинин мүчөлөрү «Саламат» карылар үйүнө барып, жашоочуларды майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, аялдар кеңешинин өкүлдөрү пенсионерлер менен баарлашып, алардын ден соолугуна жана жашоосуна кызыгып, акылмандыгына жана тажрыйбасына, өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө жумшалган эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиришти. Ал эми «Саламат» карылар үйүнүн жетекчиси Чынара Сакеева аялдар кеңешинин өкүлдөрүнө көңүл бурганы үчүн ыраазычылыгын айтып өттү.

Учурда карылар үйүндө 40 адам жашайт. Анын ичинен 22 карыя төшөктө жатат. Алар 60 жаштан 97 жашка чейинкилер.

Ушул эле күнү өзбек диаспорасынын аялдар кеңеши карыяларга жардам катары 33 азык-түлүк баштыгын тапшырды. Анда өсүмдүк майы, күрүч, бир таңгак чай, кесме, коюу сүт, ун бар.

«Бул күнү ар бирибиз улуу муундун өкүлдөрүн куттуктоо, ыраазычылык сөздөрүн билдирүү менен чектелбестен, аларга камкордукту жана көңүл бурууну сезүү мүмкүнчүлүгүн беребиз. Каражатты аялдар кеңешинин мүчөлөрү өздөрү, ошондой эле өзбек диаспорасынын башка өкүлдөрү чогултушкан. Жыл сайын эс алуу үчүн улуу муунга жардам берүүгө аракет кылабыз», — деди өзбек диаспорасынын аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Мухаббат Токтуева.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика