Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Бул жылы Чүй облусунда жийденин түшүмү мол болду

Жийденин пайдасын көпчүлүк билбейт.

«Жийденин жыты балалыгымды эске салат. Кичинекей кезибизде досторубуз менен жийде көп жечүбүз. Чоңойгондо аңчылыкка же балык уулоого чыкканда жеп калдым. Жийденин ондой мөмөсүн оозума салгандан кийин бир нече мүнөттөн соң күч, энергия келгенин сезем. Бул мөмө ачка болгон учурда жакшы. Өзгөчө бул жылы жийде көп болуп жатат. Бул фауна үчүн абдан жакшы. Жийденин мөмөсү фазан жана башка куштар үчүн жакшы жемиш», — деди Жайыл районунун тургуну Владимир Петров.

Ал эми биолог Ирина Стежконун айтымында, жийде дарылык касиетке ээ өсүмдүк. Анын мөмөсү, жалбырагы жана гүлү пайдалуу.

«Мөмөсүндө сахароза, фруктоза, органикалык кислоталар жана калий бар. Мындан тышкары С витамини абдан көп. Ошондой эле темир, кобальт, жез жана марганец камтылган. Мөмө кан басымын түшүрүүгө жардам берет. Калий жүрөктүн иштешин жакшыртат, ошондой эле жийденин мөмөсү өпкө ооруларында, ларингитте, фарингитте, ичеги-карын ооруларында жана иммунитет түшүп кеткенде жардам берет. Мөмөнү кургатып да колдонушат. Бул өсүмдүктү колдонууда каршы көрсөтмөлөр жок. Ал кандагы канттын курамына таасирин тийгизбейт. Иммунитети төмөн адамдар жана балдар жеши керек», — деди ал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика