Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин

Алмакан Душебаеванын ысымы ыйгарылды

Кемин райондук борборлоштурулган китепкана тармагынын жалпы жамааты бул тармакта 45 жыл үзүрлүү эмгектенген, анын ичинде 23 жыл райондук  китепканалар тармагын жемиштүү жетектеген маркум Алмакан  Душебаеванын ысымын Кемин райондук китепканага ыйгаруу тууралуу  Кемин шаардык Кеңешине кайрылган эле. “Жакшынын жарыгы өчпөйт” демекчи, кезегинде маданият тармагынын, анын ичинде китепкана ишинин чыныгы устаты болгон Алмакан Душебаеванын ак эмгегин, районубуздун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө кошкон кесиптик, жарандык зор салымын бийик баалоо менен Кемин  шаардык кеңеши  2021-жылдын 23-июлунда өткөн сессиясында тийиштүү токтом кабыл алды. Бул токтомго ылайык Кемин райондук китепканасына Алмакан Душебаеванын ысымы ыйгарылды.

Алмакан Душебаева 1935-жылдын 15-мартында Кемин районундагы  Кашкелең айылында туулган. 1951-жылы кыз-келиндер педагогикалык  окуу жайын артыкчылык менен аяктаган. 1980-жылы Москвадагы маданият институтунун китепканалык иш бөлүмүн сырттан бүтүргөн. 1952-жылы эмгек жолун китепканачы болуп баштаган, ал эми 1974- жылдан баштап Кемин райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору болуп дайындалган. Ийгиликтүү жетекчилик ишинин натыйжасында тармактагы китеп фондусун 236 469 нускага  жеткирип, окурмандардын саны 15814кө чейин өскөн.

Алмакан Душебаева талыкпаган эмгекчил, талапты кое билген, ишти  мыкты уюштуруучу болгон. Эмгеги адилет бааланып, СССРдин жана  Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин Ардак грамоталары, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата медаль, республикалык жана Чернышевский атындагы балдар китепканаларынын   Ардак грамоталары менен сыйланган. Жердештери зор ишеним артуу менен жергиликтүү жана райондук Кеңешке бир нече ирээт депутат болуп шайланган. Коомдук турмушка активдүү аралашып, райондук аялдар Советинин төрайымынын орун басары, кийин көп жылдар төрайымы болгон. 1974-жылы ардактуу эс алууга чыкканына карабастан 1997-жылга чейин райондук китепкананы жетектеген.

Алмакан Душебаева –Баатыр эне болгон. Өмүрлүк жары Асанбек  Душебаев экөө 7 баласын окутуп, тууруна  кондурушкан, алар мамлекеттик жана жооптуу кызматтарда эмгектенип келишет.

Райондун социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө, жалпы маданиятына, китепканалар тармагына кошкон салымы эске алынуу менен Кемин   райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Алмакан Душебаевага 2015-жылы    “Кемин районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган. 2019-жылдын 8-январында 83 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

 

 

Мен билген Алмакан эже

Мен Кемин райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын Дорожное айылындагы №30 филиалында 1972-жылдан баштап 2017-жылга чейин китепкана башчысы болуп көп жыл эмгектендим.

Жумушка орношуу үчүн барып, Алмакан Душебаеваны биринчи жолу көргөнүм эч качан эсимден кетпейт. Адегенде сүрдүү көрүнгөнү менен көздөрүнөн мээрим төгүлгөң жан экен.

Алмакан эже маданияттуу, орду менен сүйлөгөн, ар бир кызматкерге тең караган, адамгерчилиги бийик жан болчу. Ай сайын китепканачылар үчүн семинар өтчү. Окурмандарды маданияттуу тейлөөнүн, китеп фондун сактоонун, каталог боюнча иштөөнүн ыкмаларын тынбай үйрөтүп, китепкана ишинин натыйжалуулугун арттырууга зор көнүл бурган.  Айылдык китепканачыларды борборубузда өтүүчү семинарларга кезеги менен алып барып, китепканачылардын көптү билүүсүнө, билиминин артылуусуна кызыктар эле. Көп эле китепканачылардын, анын ичинде менин да китепканачы адистиги боюнча жогорку билим алышыма себепкер болгондугун сыймык менен баса белгилегим келет.

“Ак эмгек жерде калбайт” дегендей, азыркы кезде райондук китепканада эмгектенип жаткан кесиптештеримдин бирөө да эже менен чогуу иштешпеген болсо дагы Алмакан Душебаеванын ысымын китепканага берүү тууралуу демилгесин көтөргөңдүгү бизди абдан кубандырды жана алардын  жүрөк каалоосун мен чын жүрөгүмдөн колдойм.

Алмакан Душебаева атындагы китепканабыз кут болсун!

Нурипа Акматова,

“Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы” төш белгиси

 

Кесибинин устаты гана эмес, адамгерчилиги да бийик адам эле

1975-жылы В.В Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун библиография адистиги боюнча аяктап, тагдырдын буйругу экен Кеминдеги борбордук китепканага ишке орношуп калдым. Райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Алмакан Душебаева экен. Эже мага устат катары абдан көп жардам берди, китепкана иши боюнча бай тажрыйбасынан бөлүшүп, акыл-насаатын аянган жок.  Кол алдында иштегендер ынтымактуу, тажрыйбалуу команда болуп жакшы иштедик десем жаңылбайм.

Мен Алмакан эже менен 25 жыл эриш-аркак эмгектендим. Негизги ишибиз-китепканага келген окурмандарды маданияттуу тейлөө, алардын суроо-талаптарын канааттандыруу болгондуктан эже бизге жетекчи катары катуу талап койчу. Ошого жараша биз дагы изденүү менен эмгектенип, жүзүбүз жарык болоор эле.

Алмакан эженин адамдык сапаттары тууралуу айтсам, аркалаган ишин беш манжасындай билген эжем башкалардан адамгерчилиги менен айырмаланып тураар эле. Жөнөкөйлүгү, улууга урмат, кичүүгө ызаат менен жасаган мамилеси баарыбызга өрнөк болчу. Ошондой эле биздин ал-ахыбалыбызга, турмуштук жагдайларыбызга терең түшүнүү менен мамиле жасаганга маш болчу. Сүйүктүү жубай, камкор эне катары бизге үй-бүлөнү кандай күтүү, тамак-ашты түрлөп жасоо боюнча көптү үйрөттү. Ар бириңердин үй-бүлөңөр тынч болсо, аркалаган ишибиз дагы жакшы жүрөт   деп тамашалап калаар эле. Чын эле эженин бул айтканында калет жок экен.

Алмакан Душебаева атындагы Кемин райондук борбордук китепканасынын башчысы Насыят Бакаевага жана башка кесиптештериме ыраазылык билдирем! Ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Нуркан Орозалиева,

Маданияттын мыкты кызматкери,

китепкана кызматынын ардагери

 

Төгөрөгү төп болчу

Алмакан эже тууралуу айтсам узун сабак кеп болот. Кандай айтсам да эп болот. Көзү өтүп кетсе да эжемдин эмгегин эске алып, минтип өзү өмүр бою ак эмгегин сиңирген райондук китепканага ысымын ыйгаруу тууралуу демилгени көтөрүп чыккан райондук китепкананын жамаатына миң таазим! Бар болгула, айланайындар! Силер да ишинердин ийгилигине кубанып, эл алкышына ээ боло бергиле!

Нике кайып буюруп, мен — казак кызы кыргызга, Кеминдин Кашкелең айылына келин болуп түштүм. Кесибим китепканачы болгондуктан, Кемин райондук китепканага ишке орноштум.  Бул себептерди баса белгилегеним, Алмакан эже – Кашкелеңдин  сыймыктуу кызы, райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору экен. Ошентип, аялзатынын алдыңкысы менен 30 жылга жакын чогуу эмгектендим.

Алмакан эже ишин чемичкедей чаккан, талапты кое билген, мыкты уюштургуч жана кыраакы жетекчи болгон. Муну көзү тирүүсүндө эле жердештерибиз сыймык менен айтышчу, азыр да арадан канча жылдар өтсө да жакшы адамдын аты өчпөй, арабызда тирүү сындуу аталып жүргөнү кандай керемет!

Мен бир эле окуя тууралуу айткым келет. 1992-жылдын жайы болчу. Коңшу Казак Республикасынын кайсы бир айылында казак-кыргыз китепканачыларынын биргелешкен семинары болмок. Жол алыс болгондуктан мурунку күнү китепкананын  машинасы менен чыктык. Алмакан эже, Зина Казиева, Чоң-Кеминден Жамийла Корчуева жана айылдык китепканачылардан да бар. Жолдо токтоп, эс алган жерибизде шакылдатып самоор кайнатабыз. Дасторкондо тамак-аш жайнайт, эмне гана жок, фляга толтура Чоң-Кеминдин кымызы… Айтайын дегеним,  качан жана кайда болбосун эже бар жерде береке төгүлүп тураар эле, жүргөн жери той болуп кетчү. Казан-аштуу, пейили кенен, бардар болгондугуна жараша баарына карамдуу, күйүмдүү эле. Төгөрөгү төп келген жакшы адам болчу.

“Жакшынын аты өчпөйт” деген ушу эмеспи. Ылайым,  райондук китепканага берилген ысымы кут болсун! Китепкана жамаатына ден соолук, ийгилик каалайм!

Сулуучаш Токтушакова,

Маданияттын мыкты кызматкери,

китепкана кызматынын ардагери

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика