Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Президент Садыр Жапаров: Ар бир жаран Бирназар бий сыяктуу өлкөгө ак кызмат кылсын

«Кыргызстандын ар бир жараны жана өлкө жаштары элге жана Мекенге ак кызмат кылган Бирназар бийден үлгү алышсын!», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-октябрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналып өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

«Бирназар бий Алдаш уулу менин жетинчи муундагы түп аталарымдан болот. Ал болжол менен 1719-1720-жылдары жарык дүйнөгө келген экен. Ал мезгилде атасы Алдаш бий түштүк жергесинде жашап, өз бийлигин жүргүзүп турган чагында капысынан кайтыш болуп, 25 жашка жаңыдан караган Бирназар ата бугу элине бий шайланган.

Алдаш Белек уулу бугу уруусунун таасирдүү бийи болсо, чоң атасы Белек Жамангул уулу узак жылдар бою бугу элинин ханы кызматын аркалаган. Бийдин уулдары Эсенаман менен Муратаалы бугунун бийи кызматын аркалашса, небереси Тилекмат көрүнүктүү элчи, чөбүрөсү Чыныбай Каракол оёзунун орун басары — Ысык-Көлдүн султаны катары кыргыз элине ат көтөргүс эмгек сиңиришкен.

Тарыхый маалыматтар аркылуу белгилүү болгондой, Бирназар бий XVIII кылымдын акыры, XIX кылымдын башында бугу кыргыздарын башкаруу тизгинин колуна алып, дээрлик бир кылым бою калмактардын какаарынан улам түштүк жергесин байырлаган Нарын, Чүй, Көл, Талас элин түштүк жергесинен көчүрүп келүүнүн көч башында турган инсан болгон. Аны кыргыздын сарыбагыш, солто, саруу элдеринин аттуу-баштуу бийлери менен бай-манаптары, казак султандары менен өзбек феодалдары ар тараптуу колдоого алып турушкан.

Бул окуяларды белгилүү орус окумуштуусу, Чыгыш элдеринин тарыхын изилдеген орус императорунун Географиялык коомунун анык мүчөсү Николай Аристов 1847-жылы өз эмгектеринде сүрөттөгөн.

Инженер, аскер топографы, жазуучу жана чыгыш таануучу Иван Андреев дагы 1824-жылы бул боюнча белгилеп өткөн.

Окумуштуунун айтуусунда, Бирназар бий бийлик жүргүзгөн мезгил жамы түндүк кыргыздар үчүн өтө опурталдуу, оомалуу-төкмөлүү, уруулар аралык чыр-чатактардын байма-бай чыгып турган учуруна дал келген.

Чыгыш таануучу Васмилий Бартольд бул мезгилди „аймактын мусулман калкы үчүн андан ары жан сактап кетүүнүн эң оор учуру“ катары сыпаттаган. Окумуштуу XIX кылымдын ортосуна чейинки убакта кыргыздардын сырткы баскынчылардын талоончулук агрессиясына, жалпы Туркистанга таасирин тийгизген Жунгар хандыгынын, Цинь империясынын, орус какаарынын жана Кокон хандыгынын баскынчылык маанайына кез келгендиги да белгилүү.

Бирназар бийдин бугу элин башкаруу мезгили дагы дал ушул кыйын кезеңге туш келет. Бий айрым бир учурларда кандуу-булоон согуштарды, канжыгага өмүрүн байлаган кыргындуу кармаштарды керт башынан кечирип турган.

Бирназар бий өз элинин эртеңки келечеги, эгемен турмушу үчүн кам көрүп, 1758-жылы Цинь императору Цяньлундун Пекиндеги салтанаттуу кабыл алуусунда болгондо эки тараптуу тынчтык келишимине, андагы кыргыз-кытай чек ара мамилелерин чечүүгө катышып, кытайлыктарга бугу элинин түбөлүктүү мекени болгон Ысык-Көлдү таанууга, Улуу Жибек жолундагы соода-сатык мамилелерин жөнгө салууга жетишкен.

Ошондон улам алгачкы орус-кыргыз соода алакасы түзүлүп, көл аймагы аркылуу Кытай, Индустан, Пакистанга чейинки кербендер кынтыксыз жүрүп, кыргыз жергесине сырткы маданияттын үлгүлөрү келе баштаган.

Бирназар бийдин жеке эле кыргыз-кытай чек арасын чечүүдө эмес, казак-кыргыз чек арасын аныктоодо дагы салымы чоң болгон.

Жунгар хандыгы талкаланып, Абылайхандын Кыргызстанга жасаган кандуу жортуулунан кийин эки бир тууган элдин ортосунда чек ара маселесин чечүү талабы курч турган.

Бул убакыт 1780-жылга туура келет. Кыргыз-казак чек арасын аныктоодо сол канаттан Туума бий менен Мамат бий, алты ата солтодон Кебек бий менен Түлөберди бий, сарыбагыштардан Эсенгул баатыр менен Атаке бий, чекир саяктардан Жанболот баатыр менен Качыке баатыр, саяктардан Сейит бий менен Келдике бий, бугу уруусунан Бирназар бий Алдаш уулу катышып, кыргыздардын чек ара бөлүнүшүн так аныктап алышкан.

Бий кайтыш болгондон кийин анын уулу Муратаалы бий, аталаш иниси Боромбай манап жана небереси Тилекмат элчи атасы чектеп кеткен чек араны толук сактап калууну камсыздашкан. Бул чек ара узак убакыт боюнча кынтыксыз кыргыздарга карап турган.

Бирназар бий дээрлик бир кылымга тете өмүрүнүн тең жарымынан көбүн бугунун бийи кызматын абийирдүүлүк менен аркалоого жумшаган. Ал эриш бузуп, эр өлтүргөндөргө акыйкат чечим чыгарып, эли-журтунун эртеңки келечегине күйгөндөрдү шумкардын балапанындай бапестеп таптап, урук-уруу ичиндеги ынтымакты бекемдейт. Ынтымагы ыдыраган элдерди бириктирет. Өзүнүн чечкиндүүлүгү, алысты көрө билген көсөмдүгү, тубаса чечендиги менен айкөлдүгү аркылуу доочулардын уулуу чеңгээлинен карапайым элди коргоп, бий отурумунда „тогуздап“ салынуучу айыпты жокко чыгарат. Ошентип, „кара кылды как жарган“ калыстыгы менен аймакка катуу тартип киргизген.

Бирназар бий бир кылымга тете курагында жарык дүйнө менен кош айтышып, өзүнүн керээзи боюнча сөөгү байыртадан пайгамбарлардын, олуя-заадалардын сөөгү коюлуп келген түштүктөгү „Айып-Булак“ көрүстөнүнө коюлган деген кеп бар.

Кийинчерээк Бирназар атабыздын укум-тукумдары бийдин жайына куран түшүрүп келүү үчүн барышкан. Бирок бийдин жаткан жери табылган эмес. Себеп дегенде ал кездеги көрүстөндөр небак жерге айланып, алардын үстүнө улам жаӊы сөөктөр коюлуп отуруп, таптакыр билинбей калганы маалым.

Бирназар бийдин азыр укум-тукуму өсүп, Жети-Өгүз районунда, Тоңдо, Кытайда жана Түп аймагында түбөлүктүү күн кечирип келишүүдө.

Урматтуу Ысык-Көл өрөөнүнүн тургундары, салтанатка алыс-жакындан чакырылган меймандар, касиеттүү Жети-Өгүз районунун кулундары, Бирназар бийдин эстелигин орнотуп, мааракени жогорку деңгээлде өткөрүп жаткан бийдин урпактары!

Сиздерге кааларым бардар жашоо, бакубат турмуш, эң ириде кең келечек, тынчтык заман, чың ден соолук, Бирназар бийдин бир кылымга тете жашап өткөн жашына жана анын аброюна жетүүңүздөрдү каалайм!».

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика