Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Ааламда, Ала-Тоодо, Аймакта…

Талибдер Ооганстандагы сойкуларды бутага алды. Алар интим кызматкөрсөткөн аялдарды жазалоо үчүн порносайттарды да карап жатышат. Бул тууралуу «TheSun»  басылмасы өз булактарына шилтеме берүү менен билдирди. «Талибдер сойкуларды аёосуз жазалаганы жатышат: башын алып, таш менен токмоктоп, дарга асып же коомчулуктун көзүнчө мазакташы мүмкүн. Афганистандык сойкулар тууралуу маалымат айрым порно сайттарга жарыяланган. Аны талибдер көрүп калышкан. Афганистандагы интим кызмат көрсөткөн аялдар жаңы бийликтин тушунда куугунтукка кабылышы күтүлүүдө», — деп айтылат басылманын маалыматында.

«Порносайттардагы видеолордо сойкуканалардын жайгашкан жери көрсөтүлгөн. Ал жактагы аялдарга азыр коркунуч жаралды. Алар уурдалып же мыкаачылык менен өлтүрүлүшү мүмкүн», — деп билдирди басылманын булагы. Афганистанда интим кызматкөрсөтүү мыйзамсыз. Бирок сойкулардын саны аябай көп. Алар ушундай жол менен үй-бүлөсүн багып келишет. Белгилей кетчү жагдай, июнь айында укук коргоо уюмдары Кабул шаарында жүздөгөн сойкулар бар экенин эскертишкен. 25-августтан баштап талибдер аялдарга үйдөн чыгууга тыюу салган.

Конде Гвинеяны 2010-жылдан тарта башкарып келет. 2020-жылы кезектеги шайлоодон утуп чыккан. Добуш берүүдөн соң башаламандык башталып, кеминде ондой киши каза тапкан болчу. Гвинеяда мамлекеттик төңкөрүш жасоого ниеттенген топ өлкө президенти Альфа Кондени туткундап алды. Бул тууралуу Guinee News порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. ЖМКлардын маалыматы боюнча, төңкөрүш жасоого полковник Мамади Думбуянын жетекчилигиндеги атайын даярдыктагы бөлүк аракет кылган.

 Ала-Тоодо

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун «Ак Мөөр» спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.Ал Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата коюлуп жатканы айтылды.Эл артисти Жумакадыр Каниметов опера-дастандын дирижёр-коюучусу, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган.

Кыргызстанда окуучулар коронавирус пандемиясынан улам сабакта бет кап тагынып отурууга милдеттендирилбейт. Бул тууралуу Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнура Кусеинова КТРКнын эфириндеги маегинде билдирди.Анын айтымында, мектепте маска тагынып жүрүү сунушталганы менен милдеттүү эреже катары эсептелбейт.»Эгер буга чейин бет кап тагынуу милдеттүү болсо, эми сунуштама катары гана каралат. Себебиузакубакыт бою маска тагыныпжүрүүбалдаргаоор. Балдарвирустуалыпжүрүүчүлөрболгондуктанмугалимдерэмделүүдө. Мындан улам балдар менен мугалимдерге чоң коркунуч жаралбайт деп эсептейм», — деди адис. Ошондой эле ал мында ата-энелердин дагы жоопкерчилиги чоң экенин белгилеген. Кусеинова эгер ата-эне бала өзүн начар сезип жатканын байкаса мектепке жибербеши керектигин кошумчалады.

Аймактарда

Сугат суу маселесин чечүү үчүн Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Пирамида» телеканалына курган маегинде билдирди. Анын айтымында, бул чоң долбоор болот: «Чүйдү, Панфиловдон «Орто токой» суу сактагычына чейин кыдырып келдим. Азыр бак-дарактар, малина тиккендер дагы көбөйдү. Экинчиден, сууну сарамжал пайдалануу боюнча ирээттүү план жок. Мисалы «Ортотокой» суу сактагычынан максималдуу түрдө 120 куб суу чыгып турду. Бул тилекке каршы, айрым райондорго – Москва, Панфилов, Жайылга жетпейт. «Орто тойкойдон» чыккан суу Кеминден кийин 17 чакырым, 30 куб суу жоголуп жерге сиңип кетет. Ошону жоготпоо максатында айланып өтүүчү канал курушубуз керек. Бул чоң долбоор болот. Быйыл ошону баштайбыз деп турабыз. Бул президенттин дагы көзөмөлүндө. Мындан сырткары Чыгыш жана Түштүк Чүй каналын кеңейтип, курууну пландап жатабыз», – деди Марипов.

Бакиев, Атамбаев жана Жээнбеков президент болуп турганда, элдин атын жамынуу менен көз будамайлаган жорук жолго салынып калган. «Чүйлүктөр бийликке нааразы, алдын ала сүйлөшөлү, акча бөлүш керек» деген сыяктуу сөздөр дайыма айтылып, президенттик аппаратка чейин чыгышып, айрым министрлер, бизнесмендер аркылуу миллиондор бөлүнүп турчу.

Бул каражаттар кайда кетчү? «Чүйлүктөрдү жооткотобуз, алдайбыз» таризинде ресторанга чай уюштурууга, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, улактарттырууга жумшалчу. Чындыгында «уюштургуч» шылуундар көп акчаны сол чөнтөккө солошуп, афералык жолдо акча жасап келишкени жалганбы?

Мына ушундай алдамчылык соңкуу бакта да уланып, айрым депутаттар, жергиликтүү жетекчилер менен баягы эле шумпайлар арасында «көркүнө» чыгууда. Бийликтин жогорку бутагында отургандар дал ушундай калпыстыктарды тыйышы керек. Береги «ачкүсөндөр» капчыктарын кампайтуу үчүн атайын элди бушайманга салышып, өздөрү провокация жасоо аркылуу байыгылары келишет.

Азырынча элибиз тынч эле жашап жатат. Болгону ортодогу козуткучтар бир жагы бийликке жагынууга ашыгышып, түрдүү жомокторду айтышып, тескери иштерге батынышууда. Демек, бул жааттан кылдат анализ кылуу менен кошоматчыларды сүрүп салуу зарыл.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика