Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Токмокто мэрдин долбоору ишин баштады

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлахтык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана 23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашып жаткан “Адептүү, дени-сак уул-кыздарың – тиреги эгемен Кыргызстандын” долбоору Токмок шаарындагы билим берүүчү мектептеринде өз ишин баштады.

Долбоордун алкагында жаш муундарды адеп-ахлахтыкка, ыймандуулукка, мекенчилдикке, табиятка аяр мамиле жасоого үндөгөн жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттар аралык мамилелерди чыңдоо максатында эсселерди жазуу, сүрөттөрдү тартуу менен коштолгон сабактар өткөрүлүп, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде фильмдер көрсөтүлүүдө.

Иш-чара шаарыбыздын №2 жана №5 орто мектептеринде өтүп, чоң ийгилик жаратты. Ага катышкан ата-энелер жана мугалимдер, долбоордун зарылдыгын белгилешип, анын демилгечиси –шаарыбыздын мэри Урматбек Самаевге чоң ыраазычылыктарын билдиришти.

Долбоордун алкагындагы иш-чаралар билим берүүчү бардык мектептерде ишин улантмакчы.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика