Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Кайыңдыда футбол боюнча мэрдин кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

24-сентябрь күнү Чүй облусунун Кайыңды шаарында футбол боюнча мэрдин кубогу уюштурулду.

Маалыматка караганда, мэрдин кубогуна ат салышууда 40 жашка чейинки курактагы спортчулардан 21 команда, андан жогорку жаштагылардан 6 команда катышкан. Жалпы байгеси 118 миң сомду түзгөн футбол боюнча мэрдин кубогуна 27 команда ат салышты. 40 жашка чейинки курактагы футболчулардын командасынын курамына башка район, шаарлардан киргизилген жок. Ал эми 40 жаштан жогоркуларда Сокулук жана Москва райондорунан да катышышты.

Жыйынтыгында жаштар арасында Кайыңды шаарынын командасы мэрдин кубогун утуп, диплом жана 25 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. 2-орунду Эркин-Сай командасы багындырса, 3-орунду Партсьезд командасы камсыздады. Ал эми 4-орунга Чалдыбар командасы илинди.

40 жаштан жогорку курактагы футболчулардан 1-орунга Кепер-Арык (Москва району) командасы ээ болсо, 2-орунду Кайыңды командасы камсыздады. Ал эми 3-орунду Асыл-Баш (Сокулук району) комансы багындырып, диплом жана акчалай байгелерди алышты. Мындан сырткары мыкты коргоочу, дарбазачы, оюнчу номинациялардын ээлери аныкталып, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика