Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Сак, усун, түргөш, караханий, моголдор байырлаган Чүйдөгү байыркы жер

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун тоо этектей турган айылдарынын башы — Борду, орто чени — Алмалуу, төмөн тарабы — Кызыл-Суу деп аталат. Эзелтен бир эл, бир журт болуп калган калк.

Азыркы тапта бул айылдар Алмалуу айыл аймагына кирет. Анын борбору -Кызыл-Суу айылы. Айыл өкмөттүн имараты ушул айылда жайгашкан. Калкы 2020-жылкы эсеп боюнча 2700 адамды түзөт. Жашоочулары негизинен кыргыздар. Айыл аймагынын жалпы аянты -9227 гектар.

Кызыл-Суу айыл аймагына байланыштуу айрым тарыхый окуяларды аймактык кабарчыга кыргыз маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, Кемин районунун тургуну Курманбек Раматов айтып берди.

Суяб шаарынан алыс эмес жайгашкан

Жарык көргөн китептердеги, санжыралардагы тарыхый маалыматтарга ылайык, биздин заманга чейинки доордо, бул аймакта сак уруу биримдиги же орто азиялык скифтер, кийин усундар ээлеп турушкан. Алардын негизги тиричилиги — мал багуу болгон. Биздин замандын VI кылымынын экинчи бөлүгүндө Чүйдө көчмөн жана отурукташкан калк жашап, дыйканчылык жана мал багуу менен күн өткөрүшкөн. Алар Батыш түрк кагандыгынын курамына кирген. Борбору же башкаруу ордосу азыркы Алмалуу, Кызыл-Суудан алыс эмес, ал кездеги Суяб шаарында, кийин бизге дайын болгон Ак-Бешим шаар чалдыбарында болгон. Ал эми VIII кылымдын башында бул аймакта жашаган көчмөн түрктөрдүн арасынан чыккан түргөштөр өзүнчө мамлекетке биригишкен. Суяб шаары Түргөш кагандыгынын борбору болуп калган. Мында 766-жылдан баштап түрк уруусу карлуктардын бийлиги орногон. Анын борбору — Суяб шаары чыгыш жазмаларында акыркы жолу Ордокент деп эскерилген. Кийин Х кылымдын орто ченинен баштап Чүй өрөөнү Кыргызстандын бүткүл аймагы сыяктуу эле жаӊы түрк башкаруусуна — караханийлер бийлигине өткөн. Кийинчерээк кара кытайлар, 1218-жылы Чыӊгызхан баштаган моӊгол аскерлери басып алышкан. Темир аксак баштаган аскерлердин жортуулунан Моголстан хандарынын бийлиги жоюлуп, мында жашаган калк өтө жакырланган.

XVI кылымда гана Теӊир-Тоо аймагында, анын ичинде Чүй өрөөнүндө кыргыздар басымдуулук кылып, Чыгыш Түркстандан басып кирчү могол хандарына жана калмак феодалдарына каршы турушкан. Ошол оор заманда Кызыл-Суу өрөөнүндө жашаган элдин арасынан бир топ кыйын баатырлар чыккан.

Бул аймакты биротоло байырлаган мезгил — болжолдуу 1860–1870-жылдарга туура келет. Чүй жергесиндеги ошол тарыхый жылдардан берки окуяларга, эркиндик күрөштөрүнө, сырттан келгендерден эл-жерди коргоо аракеттерине Кызыл-Суу аймагынын калкы да аралашкан. Мындан тышкары, алма, өрүк, мөмө багын өстүрүү, жер иштетип буудай, сулу, арпа, таруу, жүгөрү өстүрүү сыяктуу жаӊы чарбачылык иштерди өздөштүрө башташкан.

Колунда барлар балдарын диний жана жаӊы усул мектептерине беришкен. Жөнөкөй үй-бүлөнүн зээндүү балдарын да тамга таанытып, окутууга мүмүкүнчүлүк түзүлгөн. 1901-1902-жылдардан тарта Токмокто жаӊы усул мектеби иштей баштаса, 1908-жылдан баштап Чүйдөгү белгилүү мектептердин бири — Сайлыкта Дүрдүн мектеби ачылган. Аны Тынай орус-жергиликтүү мектеби деп да аташкан. Аталган мектептерде Кызыл-Суу аймагына отурукташкан калктын балдары да окуган.

 

Кемин району совет бийлиги орногон жылдарда

 

Мезгил талабына жана экономикалык зарылдыктарга ылайык, Алмалуу айылдык кеӊешине караштуу айылдар да ар мезгилде ар башка райондордун курамына кирип келген. Маселен, бул аймакта Кызыл-Суу жана Алмалуу айылдык советтери болгон. 1950-жылы 23-октябрда Кыргыз ССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен эки айылдык совет кошулуп, «Алмалуу айылдык совети» деп аталган. Улуу Ата Мекендик согушка чейинки жана андан кийинки жылдары Алмалуу айылдык совети болуп өзгөртүлгөн. Кызыл-Суу айылдык советине тиешелүү айылдар Чүй районуна караса, 1944-жылдан тарта Быстровка районуна кошулган. 1956-жылы Кемин жана Быстровка райондору бириктирилип, Кемин району болуп калгандан бери ушул райондун курамына кирип келе жатат. Ошондой эле Алмалуу айылдык совети болуп түзүлгөндөн көп мезгилден кийин Жогорку Советтин президиумунун 1983-жылдын 12-августундагы токтому менен айылдык советтин борбору Алмалуу айылынан Кызыл-Суу айылына которулган. Ошол учурда Кызыл-Суу айылында 1454 адам жашаса, Алмалууда — 597 адам жашаганы себеп болгон.

Ал кездеги документтер ырастагандай, 1958-жылы 13-ноябрда өткөн Кемин райондук партиялык конференциянын президиумуна шайлангандардын арасында «Комсомол» колхозунун төрагасы Абди Төлалиев да болгон. Бул анын райондо баркы бийик экенин туюнтат. Конференциянын чечими менен А.Төлалиев ошондой эле райком партиянын мүчөсү жана Кыргызстан компартиясынын Х-съездине делегат болуп да шайланган. Ошол партконференцияда Алмалуу айылдык советине караштуу Сталин атындагы колхоздун төрагасы А.Боромбаевдин жана башкы зоотехник Өмүралиевдин ысымдары аталып, чарбадагы уй жана музоо багылган сарайда суу берүүчү автоагрегат орнотулган. 1958-жылдын 10 айында колхоз боюнча ар бир саан уйдан 2369 литрден сүт алынган. Саанчылар Керимкулова — 3048 литрден, Абдылдаева менен Шерматова — 2900 литрден ашык сүт саап алышкан. Ал эми чабан Маркабаев ар койдон 3,7 килден жүн кыркып алса, дагы бир чабан Батмакан Абыкеева ар жүз тубар койдон 115тен козу алууга жетишкени жөнүндө райкомдун секретары И.Малаевдин докладында айтылган.

Ошол эле Сталин атындагы колхоздун төрагасы А.Боромбаев, алдыӊкы колхозчу Б.Кумакеева райком партиянын мүчөлүгүнө, парторг А.Норузбаев текшерүү комиссиясынын мүчөсү болуп шайланышкан. Аталган конференцияга «Комсомол» колхозунун партуюмунан Д. Ашыралиев, А.Омоев, А.Калиев, Сталин атындагы колхоздун партуюмунан А.Асанов, М.Ибраимов, К.Кудайбердиев, Ө.Хамзаев делегат болуп шайланып, партиялык чоӊ жыйынга катышкан. Эки район бириктирилип, Кемин району түзүлгөндө райкомдун биринчи секретары болуп Ү.Жумабаев иштеген.

Көк-Ойрок жайлоосу жана пейили кенен эл

 Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин өрөөнүндө ажайып кооз Көк-Ойрок жайлоосу жайгашкан. Жайлоого эс алууга барган Нурлан Сулайманов кооз жаратылышты сүрөткө тартып, эки күндүк сапарын тамшануу менен айтып берди.

«Өткөн дем алыш күндөрү Көк-Ойрок жайлоосуна барып эс алып келдик. Жеринин кооздугун сүрөттөрдөн көрсөңүздөр болот. Чынын айтсам, ал жакта эки күн эс алуу аздык кылат экен. Түгөнбөгөн жыш токойлору, жол боюнда өскөн даамдуу жапайы өрүктөр, тоолордон агып түшкөн тунук суулар, анан биз жолугуп таанышкан кеминдиктер өзгөчө таасир калтырды.

Алгач Кайыңды айылынан өткөндө эки жаш балыкчы колдорун көтөрүп, унааны токтотушту. Бахтияр (23 жашта) жана Атай (18 жашта) менен Жашыл-Көлгө жеткенче таанышып, сүйлөшүп бардык. «Балык кармап калсак, сизге беребиз. Биз менен күтүп отуруп туруңуз же кайра келе жатканда бизге байланышыңыз» деп телефон номурун берген жаштарыбызга абдан ыраазы болуп, жолумду уланттым.

Жашыл-Көл бир караганда сулуу, бир караганда сүрдүү көл экен. Күндүн жарыгынын тийишине же шамалдын күчүнө жараша көлдүн түсү өзгөрүп, тарткан сүрөттөрдө ар кандай чыгарын байкадым.

Жол менен кошо жыш карагайлуу асман тиреген тоолор жана аккан чоң суу түгөнбөй, бири-биринен кооз жерлер абдан көп экен. Чет өлкөлүк туристтер бул жакта дагы кыдырып, жаратылышка суктанып жүрүшкөнүн көрдүм.

Көпүрө аркылуу суудан өткөндө чакан үйдөн Ырыскан эже неберелерин ээрчитип чыгып, нан менен курут берип, жакын жерлер жөнүндө шашпай кенен-кесири айтып берди. «Кааласаңар бизде калып түнөгүлө. Болбосо эртең түшкө маал келип, куурдак жеп кеткиле» деп бизди узатканына абдан ыраазы болдум.

Жолубузду улантып, Ырыскан эже айтып берген жерлерди көрдүк. Бир аз баскан соң жылкылар байланган желени көрүп, кымыз ичкибиз келди. Желеге жакын үйгө барып кымыз сурадык. Аттокур байке үйүнө киргизип, келинчеги (ат-башылык экен) дасторкон үстүнө боорсок жана каймак коюп, кымыз беришти. Көрсө ошол күнү шерине өткөрүп, үйүндө шаардан келген коноктору бар экен. Ошого карабастан тааныбаган бизге көңүл буруп, кымыз беришти. Үй ээлеринин пейилине чындыгында суктандык. Андан кийин Ырыскан эженин үйүнө жакын жердеги токой менен чоң суунун ортосунан жай таптык. Түркиядан Курсад Ондес досубуз белек кылган самоорубузду жагып алып, табиятка суктануу менен чай ичтик.

Эртең менен турсак айланабызда суурлар чуркап жүрүшүптүр. Кайра бизден чочуп, ийиндерине кире качып жатышты. Көк-Ойрок жайлоосу таңга маал ого бетер кулпуруп кетет экен. Бир аз арыраак жакта эс алып жаткандарды көрүп, аларга барып тааныштык. Улуу агалар бизди балык менен коноктошту.

Өзүңүздөр байкагандай, Чоң-Кемин өрөөнүндөгү адамдардын пейили жана ниеттери эч нерсеге карабастан ак жана таза бойдон экенин далилдешти», — деди Н.Сулайманов.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика