Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Токмоктогу коммуналдык ишкананын карызы 26 млн сомго жетти

Токмок шаарынын коммуналдык ишканасынын карызы 26 млн сомго жетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок мэриясынан билдиришти.

«Коммуналдык ишкананын жаӊы дайындалган директору Бектурсун Бексултановичтин айтымында, аталган ишкананын карыздары көп бойдон калган. Анда күйүүчү май жана башка материалдар үчүн башка уюмдарга 6 млн 237 миӊ сом, калктын катуу таштандыларды тейлөө боюнча дебитордук карызы 9 млн 113 миӊ сом деп көрсөтүлгөн. Соцфондго болгон карыздын өзү 4 млн 134 миӊ сом болсо, андагы туум 6 млн 686 миӊ сомго жетти», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишкананын карыздан бөлөк көйгөйлөрү дагы бар экенин кошумчалашты.

«Ишканадагы жабдуулардын көбү 30 жылдан ашкан жана эскилиги жетти. Учурда 2 автовышка техникалары оңдоону талап кылат. Ансыз дарактарды кыюу, жол чырактарды оңдоо жана бийиктикте башка иштерди аткаруу мүмкүн эмес. Ишканага дагы бир автовышка жана экскаватор керек.

Ошондой эле, ушул жылдын март айында болгон өрттөн ишкананын материалдык-техникалык базасы бузулган. Анын кесепетинен өрттөнгөн имараттын ичиндеги жашыл аймактын шаймандары жана анда жайгашкан электриктер жабдыктар керектен чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Жакында жеке ишкерлер тарабынан бактардын тегиздөөчү 7 аппарат, газон чөп чапкыч, 2 ширетүүчү аппарат, 5 отун аралоочу аппарат, бензин менен иштей турчу 3 чөп чапкыч алынды.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика