Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Орусияда «кара тизмеге» кирген мигранттар көбөйдү

Кыргызстандын 74 миңдей жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Адистердин эсебинде, «кара тизмеге» киргендердин саны мындан алда канча көп. Ал арада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды 30-сентябрга чейин документтерин эреже-талаптагыдай ирээтке келтирүү керектигин эскертти.

Москвада иштеп жүргөн Марат ушул жылдын май айында Кыргызстанга келип, кайра кайтарда «кара тизмеге» кирип калганын билген. Анын айтымында, эки айып пулдун айынан ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

«Кыргызстанга 3-майда билет сатып алгам, кайра кайта турган билетти 13-майга алгам. Айдоочулук күбөлүгүмдүн мөөнөтү аяктап, ошону алмаштырайын деп он күнгө келгем. «Кара тизмеге» кирип калганымды кайра кайтайын деп жатканда билдим. 2019-жылы бир айып пул бар болчу, бирок аны эртеси эле төлөгөм. Анан 2020-жылы дагы бир айып пул бар болчу. Экөө тең эле административдик айып пул болчу. Бирөөндө жолдо жүргүнчүлөр өтө турган жерден токтобой өтүп кеткем, экинчиси, Москвада баары эле катталган жеринде жашабайт да, рейд учурунда башка батирден кармашып, ошол жерден салынган. Бирок экөө тең төлөнгөн болчу. Анан эмне болду деп текшертсем, «кара тизмеге» 24-апрелде киргизишкен экен. Канча мөөнөткө, кандай кылып киргизишкенин деле билбейм, текшерген жокмун. Эми мунапыс болуп калат дегендей кылып атышат. Анын канчасы чын, канчасы калп экенин билбейм. Мобул пандемия учурунда аябай көп адамга айып пул салынды да. Бет кабы, кол кабы жок көчөгө чыгып алгандарга дагы салынды. Кээ бирөө мисалы, коомдук транспортко түшүп, жол киресинин түгөнгөнүн унутуп калса алар да айып пулга илинип калды. ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин ушундай чектөөлөрдү койбой эле койсо болмок. Эгер бул жактын мыйзамын сыйлабай одоно бузса, кылмыш кылса бир жөн. Азыр болсо көп адамдар жөндөн-жөн эле илинип калып жатат. Ушунун айынан бул жактагы ипотекасын, насыясын төлөй албагандар көп» дейт Марат.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика