Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Талибдер үйгө чейин келип текшерүүдө

«Талибан» кыймылынын бийликти басып алышы оогандык кыргыздардын кооптонуусун күчөттү. Улуу Памирдеги кыргыздар учурда абал туруктуу дегени менен Ооганстандын ири шаарларында жашагандар Кыргызстанга кетүүнүн айла-амалын издеп жатышат.

Ооганстанда кырдаал курчуганда айрым кыргыздар Тажикстанга кире качса, айрымдары кыргыз өкмөтүнө кайрылып, көчүрүп кетүүнү суранган.

Кичи Памирде жашаган Абдурашит Сүтай учурда абал туруктуу экенин, эл кыштын камын көрүп, кем-карчын толуктап жүргөнүн билдирди.

«Бизде абал туруктуу. Айыл-апа, тууган-урук жакшыбыз. Тээ башта талибдер келип кетишкен. Азыр келген жок. Учурда кышка тоют камдап, кыргыздар чөп чабыктабыз. Кудайга шүгүр абал тынч», — деди памирлик кыргыздардын бири.

Деген менен Ооганстандын баш калаасы Кабулда жашаган айрым кыргыздар өлкөдөн чыгып кетүүнүн амалын таппай убара. Алар башкалаа Кабул талибдердин колуна өткөндөн кийин мамлекеттик кызматынан кол жууп, эми алардын бутасына кабылсак кантебиз деп кооптонуп турушат.

Ооганстандын Мазари-Шариф шаарынын тургуну, өзүн Эмруллах деп тааныштырган кыргыз жигит Кыргызстанга виза алуу үчүн документтерин элчиликке тапшырганын, бирок жылыш жок экенин айтат.

«Мен документтеримди топтоп, Кыргызстандын Кабулдагы элчилигине эки ай мурун тапшырган элем. Элчиликтин кызматкерлерине барып сураганымда алар «сенин документтериң Кыргызстанга кеткен, кутуп турушуң керек» деп айтышты. «Кыргызстандан жооп келгенде гана жардам беребиз» дешти. Азырынча эч жакка кабар бербей, күтүү керектигин эскертишти. Бирок учурда баарыңар билип тургандай эле кырдаал курч. Талибдер үйгө чейин келип текшерген күндөр болуп атат», — деди Эмруллах.

Ал буга чейин Ооганстанда мамлекеттик кызматта иштегенин, мындан улам талибдердин тыкыр текшерүүсүнө кабылганын кошумчалады.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика