Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

2021-жылы Кыргызстанга түз инвестициялардын агымы 95,4% га өстү

Кыргызстанга 2021-жылдын биринчи жарымында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өсүп, 321,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен:

— профессионалдык ишмердүүлүк — 35,4%;

— Өндүрүш өнөр жайы — 35,4%;

— пайдалуу кендерди казуу — 22,5%;

— кайра иштетүүчү өнөр жайы — 19,3%.

«Өз кезегинде 2020-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 537,5 млн долларды түзүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50,1%га түшкөн»,-деди ал.

Инвестициялар министринин орун басары төмөндөгудөй иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:

— соода-өнөр жай палатасын реформалоо;

— эркин экономикалык аймагынын концепциясы кайра каралууда;

— «Инвестициялык талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча» токтому боюнча долбоор иштелип чыгып, макулдашылууда;

— Инвестициялык долбоорлорду экспертизалоо жана даярдоо институтун түзүү боюнча токтомдун долбоору иштелип чыкты жана макулдашылып жатат;

— инвестиция чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, макулдашылууда;

— КРда инвестициялар тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгууда.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика