Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Ысык-Атадагы мектептерге 52 жаш мугалим келди

Ысык-Ата районундагы мектептерге 52 жаш мугалим кабыл алынды. Анын 44ү аял, 8и эркек мугалим. Август кеӊешмесинде аларды кабыл алуу аземи өттү. Мугалимдердин 22си жогорку окуу жайларды жаңы аяктаган. Алар атайын 3 жылдык жолдомо менен келишкен. Калгандары өз каалоолору менен келген.

Бул мугалимдер бир гана Ысык-Ата районунун тургундары эмес. Башка региондон келгендер дагы бар.

Иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары Жоомарт Нарботоев, Кант шаарынын мэри Улан Майлыбашов жана Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Болот Иманалиев, райондогу мектептердин, бала бакчалардын директору жана 450 мугалим катышты. Алар жаш мугалимдерге ийгилик каалап, белек тапшырышты.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика