— Чүй облусунун мусулмандар казыяты тарабынан республикалык «Куран жазы» аттуу сынакка тандоо туру өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук казыяттан билдиришти.
Сынак Сокулук районундагы мечитте 3 топко бөлүнүп өткөрүлүп, калыстар курамынын чечими менен төмөнкү катышуучулар республикалык сынакка жолдомо алышты.
10 пара — Гапаров Зикро;
20 пара — Умаров Фирдавс;
30 пара — Карибов Асхаб.
Алар 25-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун «Ак Тайлак ата» борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык «Куран жазы» жарышка катышат.