Четверг, 1 июня, 2023
26.1 C
Бишкек

Жайылдыктар бүлдүркөндөн мол түшүм алды

Жайыл районунда бүлдүркөн мол түшүм берди. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, жапайы бүлдүркөндөр да жакшы мөмө байлады. Алар бул жылы суу тартыш, күн ысык болсо да жакшы түшүм жыйнаганын белгилешти.

Сосновка, Сары-Булак, Бекитай жана башка айылдардын тургундары таң эрте бүлдүркөн тергени чыгып кетишет. Алар чогултулган мөмөнү түштө Жайыл районундагы базарларга алып келишет. Жапайы бүлдүркөндүн бир килограммы 150-170 сомго бааланат.

«Бүлдүркөндүн 200дөн ашык түрү бар. Кыргызстанда бүлдүркөндүн бир нече түрү өсөт. Анын мөмөсү чоң, ширелүү, кычкыл-таттуу жана абдан пайдалуу. Ал дарылоодо көп колдонулат. Бүлдүркөндү сасык тумоого каршы колдонуп келишет. Анын мөмөсү балдар тамактарына жана диеталык тамак-аштардын курамына кошулат. Ал эми жалбырагын дем алуу органдары ооруганда, какырыкты чыгаруу үчүн колдонулат», — деди биолог Ирина Стежко.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика