Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Кытайда коронавирустун жаңы түрү аныкталды

Кытайдын Фуцзянь провинциясында коронавирустун жаңы түрүнүн очогу чыкканын РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып жазды.

Учурда Путянь шаарынын Сянью уездинде алты кишиден жаңы типтеги коронавирус табылып, 18 адам оорунун белгилери жок ооруп жатканы аныкталды. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан 81 938 анализ алынган.

Алдын ала берилген маалыматтарда коронавирустун варианты өтө жугуштуу болгон «дельта» штаммы катары аныкталганы айтылды.

ДССУнун маалыматы боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 223 миллион киши коронавируска чалдыкты. АКШ, Индия жана Бразилия оор кырдаалда турат.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика