Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Чүйдүн аАрхивисттери эл кызатында

                                                        Кыргыз архив кызматына – 95  жыл

2021 – жылдын 30 – августунда Кыргыз Республикасынын Архив Кызматына  95 – жыл толду.Чүй райондук мамлекеттик архиви, Чүй райондук Аткаруу комитетинин 1979 —  жылдын 25 — апрелинде чыккан, № 182 — Токтомдун негизинде түзүлгөн, ал кезде Чүй райондук мекемелер аралык, өздүк курам боюнча архив деп аталчу.

Архив өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз -Республикасынын Улуттук архиви жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка нормативдик – укуктук актыларды, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын токтомдорун жана буйруктарын, чечимдерин, нускамаларын, эрежелерин жана Чүй райондук мамлекеттик архив жөнүндө жобону жетекчиликке алат.

Талапка жооп берген имарат берилбегендиктен, бир нече жолу бир имараттан экинчи имаратка көчүүгө туура келген. Мындай кыйын шарттарга карабастан, архив кызматкерлери Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында жайгашкан мекеме – уюмдардын, ишканалардын, колхоз — совхоздордун, завод — фабрикалардын иш кагаздарын  мамлекеттик сактоого  кабыл  алып, эсебин жүргүзгөн жана жараандардын суроо-талаптарына жооп берген.

Кыргыз Өкмөтүнүн 2002 — жылдын 29 — апрелдеги, № 264 токтомунун негизинде райондук архивге “мамлекеттик” деген статус ыйгарылган , 2004 —  жылдын 15 — июлда Чүй райондук мамлекеттик архиви экиге бөлүнүп — Токмок шаардык мамлекеттик архиви түзүлгөн. Фонддордун курамынан, Токмок шаарына таандык —  81 фонд , 17754 сактоо бирдиги бөлүнүп берилген.

Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын 2016 — жылы чыккан токтомунун негизинде, бизге Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов көчөсү, № 25-1де  жайгашкан имарат бөлүнгөн. Капиталдык ондоо иштеринен кийин көчүп кирдик.

Архив иши өтө маанилүү жана кызыктуу, чыдамкайлыкты, тактыкты, бекемдикти талап кылат, негизги максаты — Чүй районунун архивдик иш тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, иш кагаздарын сактоого кабыл алып, эсебин жургүзүү, маалымдаманы так, өз убагында даярдап берүү жана архив дакументтерин  көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү болуп саналат.

Чүй райондук мамлекеттик архивинде  учурда 122 фонд,   25629 сактоо бирдиги сакталууда. 29 топтоо булагы менен тыгыз  иш алып барабыз, бардыгында архивге жооптуу кызматкер, өзүнчө бөлмөлөрү бар.

Топтоо булактарындада:

— ар бирине көзөмөлдүк — байкоо иш ачылган;

— мекеме-уюмдардын иш кагаздарын туура алып барууда, сактоодо, эсебин жүргүзүүдө методикалык жана практика жүзүндө жардам берүү;

— иштерди алып баруу номенклатурасын  жана архив жөнүндө Жоболорун  түзүүдө жана бекитүүдө көмөктөшүү;

—  план боюнча комплекстик, тематикалык жана көзөмөлдүк текшерүүлөрдү өткөрүү, жыйынтыгын справкада чагылдыруу;

—  өз убагында документтер Мамлекеттик архивге тапшырылышы көзөм көзөмөлдө  турат;

Өзүбүздүн күчүбүз менен жана Чүй облустук мамлекеттик архивинин катышуусу менен семинарларды өткөрөбүз.

Ушул жана мындан башка маанилүү иштерди аткарган биздин чакан жана ынтымактуу жамаатыбыз 4 кишиден турат.

Жетекчиси  Тажибаева Роза Чотуевна  — 38 жылдан бери архив тармагында иштейт, 1983-2000 — жылдарда Кемин райондук архивин жетектеген,  2000 — жылдан бери Чүй райондук мамлекеттик архивинде иштейт;

-башкы архивист  Шарипова Аида Ташболотовна — 17 жылдан бери архивде иштейт,  жогорку окуу жайды сырттан окуп бүтүргөн;

— архив жайынын жетекчиси  —  Токтогулова Индира – 14 жылдан бери архивде иштейт жогорку билимдүү, мекеме –уюмдардын документтерин кайрадан иштетип  сактоого кабыл алат;

— жетектөөчү архивист  — Мамырбаева Садагуль Кемеловна,–  жогорку билимдүү, 10 жылдан бери архивде иштейт, социалдык – укуктук суроо — талаптарды аткарат.

Ар бири – өз кесибин сүйгөн, патриот, кызматтык милдеттерин өтө кылдаттык менен аткарган, чын жүрөктөн архивди сүйгөн тажрыйбалуу адистер. Зарыл убакта биринин милдеттерин экинчиси аткара билет,  Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын камсыз кылууга —  күнүгө өз салымыбызды кошуудабыз.

Кыргыз Республикасынын Архив Кызматкерлерин, кесиптештерибизди, райондун архивин сактоого өз салымын кошуп жаткан кызматкерлерин чын жүрөктөн кесиптик майрамы менен куттуктайбыз, чың ден соолук, үй – бүлөлүк бакыт, иштеринде албан — албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика