Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Элиме таазим кылам, жериме таазим кылам!

Москвада өткөн Манас айтуу иш-чарасынан соң Кыргызстанга келишимди жоон топ эл күтүп турганы күтүлбөгөн жагымдуу маанай тартуулады. КР Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, КР Маданият, маалымат,спорт  жана жаштар саясаты министри Кайрат Олжобаевич Иманалиев башында туруп салтанаттуу тосуп алышты. Манасчыны мааниси менен тосуп алалы деп Маданият министрлигинин кызматкерлери көп аракет кылышыптыр. Илясбек Балташев, Жумакадыр Курманалиевге дагы ыраазычылык билдирем.

«Манастын айылы» этнокомплектин башында турган Эркин экономикалык аймактын жетекчилерине,  коллективине алкышымды айтам.

Мен Манас атамды даңктап Манасымды айттым..

Сиздер мени даңктап жатасыздар. Төбөм көккө жетип, Манас бабама таазим кылып турам.  Манас менен Манасчыны барктаган заман келди деп кабыл алдым. Мени күтүп аэропортко келген ар бир жаранга сый-урматым чексиз.

Манас бабабызды данктай берели, тарыхыбызды унутпайлы.

Улутум кыргыз, урааным Манас!

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика