Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Таалайбек БАЙСЕКЕЕВ: “ВАРИКОЗДУ ДАРЫ-ДАРМЕК МЕНЕН АЙЫКТЫРУУГА БОЛБОЙТ

Дени сак адам- бактылуу

КР Улуттук госпиталдын кан-тамыр бөлүмүнүн башчысы, КР саламаттыкты сактоонун отличниги,

КР саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы хирургу, Улуттук госпиталдын кан-тамыр бөлүмүнүн башчысы, КР саламаттыкты сактоонун отличниги, кыргыз медицинасынын эң көрүнүктүу өкүлдөрүнүн бири, КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн Ардак грамоталары бир нече сыйлык-сыймыктын ээси, өзгөчө талантуу, алтын колдуу чебер хирург Таалайбек Байсекеевден кийинки убакта жайылып бараткан варикоз оорусу боюнча маек алдык.

—  Таалайбек Абдыбекович, варикоз деген оору көбөйүп жашарып бараткандай. Окурмандарга “Варикоз” деген эмне? Ал ооруга адам чалдыгып калса айыктыруунун кандай жолдору бар? Ушулар жөнүндө токтолуп өтсөңүз?

— “Варикоз”-грек тилинен которгондо “кеңейүү” дегенди билдирип, веналык кан тамырлардын кеңейип кетишин түшүндүрөт. Варикозго кабылган адамдын кан тамырлары жана анын капиллялары шишип, көгөрүп чыгып, оорунун белгилерин көрсөтөт. Варикозду дары-дармек менен айыктырууга болбойт. Андан операция жолу менен гана арылууга мүмкүн. Операция убагында жабыркаган гана аймак кесилип, кесилген учтары ички кан тамырга туташтырылып коюлат. Тери астындагы кан тамыр аркылуу денедеги кандын 15-20%ы гана өтөт, ал эми негизги бөлүгү ички кан тамыр аркылуу жүрөт. Андыктан операцияларды ийгиликтүү жасап жүрүшкөн биздин дарыгерлерден кам саноонун зарылчылыгы жок.

 -Варикоз оорусунда “тромб” көп кездешет экен. Тромбду кандай түшүнсөк болот?

-Варикоздо “тромб”-  уюган кан пайда болот. Ал көпчүлүк учурда варикозго чалдыккан кан тамырда болот. Эгерде кан тамырда тромб пайда болсо ал жылып отуруп өпкөгө келип такалат. Андагы тешикчелердин бирин жаап калган шартта тез жардамга муктаж болуп кийин акылынан же майып болуп калышы мүмкүн. Тромбдун диаметри канчалык чоң болсо, ал ошончолук коркунучтуу. Ошондуктан варикоздун пайда болоору менен тийиштүү дарыгерлерге кайрылып, оорунун алдын алуу бейтаптын өзүнүн ден соолугуна кам көрүү дегендике жатат.

Кан-тамыр бөлүмү качан ачылган  ал жерде эмгектенген кесиптештериңиз жөнүндө белгилей кетсеңиз?

—  Биздин бөлүмдү 1991-жылы биринчилерден болуп, республикалык оорукананын ичинен академик Мамбетакун Намазбеков республикалык кан-тамырар хирургиялык борборун ачкан,- дейт Таалайбек Байсекеев , кан тамыр хирургиясына ак дилин койгон дасыккан дарыгерлер менен иштешип келатам. Көп жылдан бери өз милдеттерин так жана  убагында  жоопкерчилик менен аткарышкан,  медицина илиминин кандидаты, анестезиолог Жылдыз Деркенбаева, дарыгерлер Болот Сатаев, Богдан Галай, Абдыгул Дүйшеев, Жунусаалы Акышев, Рахат Саякова, Жаңыл Молдогазиева, Нооруз Камчыбеков   ага медайым Гүлназ Исраилова, медайымдар Турсунаалы кызы Айгерим, кенже техникалык айымдар Анаш Бекмамбетова,Гүлмира Акматова, Айнагүл Карабековалар ооруларга өз билимдерин жумшашып, сылык мамиле жасашып, алардын суроо талаптарына ийги мамиле  менен жооп кайтарып  турушат.

  Таалайбек Байсекеев  эмгек жолун  И.К.Ахунбаев атындагы жалпы хирургия ординатурасынан баштап,  кийин  Улуттук госпиталдын кан-тамыр ооруканасына келип, алгач катардагы дарыгер андан соң ак халатындай ак дили менен нечендеген операцияларды ийгиликтүу жасап, ар бир оорулунун шыпаасын таап,  кан-тамыр боюнча жогорку адис жана адамдык бийик сапаты менен 2009-жылдан бери  бөлүмдү  чыныгы жетекчилик сапаты аркылуу жетектеп келүүдө.

   Бөлүмдүн дарыгерлери чакыруу боюнча республика аймагынан сырткары коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан республикасына чейин барышып, тиешелүү  жардамдарын көрсөтүп келишет. Бөлүмдүн башчысы Таалайбек Абдыбекович терең билимдүүлүгү менен гана айырмаланбастан сергектиги, токтоо сабырдуу мүнөзү, жөнөкөйлүгү менен белгилүү. Дарыгерди Бишкек шаарынан сырткары алыскы аймактардан бери издешип айрымдары жолдомо менен келип, дарыгердин жеңил колу менен жасалган  татаал операциялары менен таза сакайып кетишет.  Ден соолук үчүн тынымсыз күрөшкөн дарыгерлердин иштерин ийгилик жылоолосун.

                                                                                          Асан   АКМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика