Украинанын жараны Лариса Климова согуштан качып, Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон. Учурда ал жолдошу менен Чүй облусунун Токмок шаарында жашайт. Ал сулуулук салонунда, күйөөсү жеке ишканада иштеп жатат.
Климова Лариса Анатольевна 1987-жылы Украинада төрөлүп, Херсон шаарында чоңойгон.
«Адистигим боюнча ашпозчумун, бирок тилекке каршы кесибим боюнча иштебей калганыма 8 жылдан ашты. Өз мекенимде сатуучу, мерчандайзер, промоутер болуп иштеп жүрдүм. Кийин көбүнчө чет өлкөлөрдө — Түркия жана Германияда эмгектендим. Мезгил-мезгили менен Украинага кайтып келип турдум. Алгач баары жакшы болчу, капысынан тынчыбызды бузуп каардуу согуш келди. Ошентип, мен өз шаарымды таштап кетүүгө аргасыз болдум. Ошол учурда калаадагы абал оор болуп, тынымсыз ок атуулар жүрүп жаткан», — деди ал.
Лариса Кыргызстанга 2022-жылдын июнь айында келген. Кыргызстанга келүүнү ага досу сунуштаган.
«Кайда барам деп көпкө ойлонуп, жолдошум экөөбүз жумушка чакырган досумдун аркасында келдик. Бул жакка карай жол узун, чоң коркунучтар болду.
Келгенден кийин дароо алектене турган жумуш таппай калдым. Тамак жасоо мени кызыктырбай калган. Ооба, мен өзүмдү сулуулук жаатында сынап көрүүнү чечтим. Мен жашоону жана адамдарды жакшы көрөм, ошондуктан мага алар менен тил табышып, баарлашуу оңойго турду.
Кыргызстандагы эл биздин улутка абдан окшош. Албетте, биздин тутунган динибиз башка, бирок элибиздин ынтымактуулугу, боорукеркердиги жана меймандостугу бирдей. Аба ырайы Украинаныкына окшош болгондуктан, бизге ылайыктуу. Биз бул жерде өзүбүздү абдан жакшы сезип жатабыз. Бирок, баары бир өз үйүбүзгө, мекенибизге кайтып кеткибиз келет. Кырызстан кооз жаратылышы, бийик тоолору жана меймандостугу менен мени өзүнө арбап алды», — деди ал.
Климова жашоодогу эң жаман жана кайгылуу нерсе — бул айыкпас дарт, табигый кырсык жана согуш деп эсептейт.
«Кудай сактасын, ар бир өлкөдө тынчтык, ден соолук жана бакыт болсун. Анткени биздин жакындарыбыздын жана балдарыбыздын ден соолугу, ошондой эле башыбыздагы тынчтык жашоодо эң маанилүү нерсе экен. Чындыгында адамдын оңдогонго караганда кыйратканга умтулуусу көп экени өкүнүчтүү.
Мен бул дүйнөдө жалгыз калдым, ата-энем экөө тең каза тапты. Бирок менин жаным дайыма туугандарым жана досторум үчүн сыздап турат. Херсон шаарында оккупация болуп, биз бул жакка келүүгө аргасыз болдук. Айтайын дегеним, жакын адамдарыңарга кам көрүп, чогуу бактылуу мүнөттөрдү өткөргүлө. Анткени жумуштан үйгө кайтып барабызбы, же жокпу бир Кудай билет», — деп жыйынтыктады ал.