Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорун сунуштады.
Документте Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе, кабыл алынган чечим кайра каралат деп жазылган.
Юристтер долбоор кабыл алынса, Конституциялык соттун ишине бийликтин кийлигишүүсү күчөп, мекеме ого бетер көз каранды болуп калат деп кооптонууда.
“Соттор да ката кетирет”
Сөз болуп жаткан мыйзам долбоору президенттин сайтына жарыяланды. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайларда кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн.
1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, 2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса, 3) чечим кыргыз элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
Президент Садыр Жапаровдун Конституциялык соттогу атайын өкүлү Алмазбек Молдобаев мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди.
“Соттор да ката кетирет. Кээде туура эмес документтер берилиши мүмкүн. Конституциялык сот чечимин өздөрү эле карайт. Аларды эч ким көзөмөлдөбөйт. Конституциялык сотто да ката кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул жарандардын соттук коргоого болгон укуктарын камсыз кылуу үчүн керек. Чечим президенттин жана Конституциялык соттун сунушу менен кайра каралат. Соттун чечиминде кандайдыр бир ката кетсе, президент аны кайра кароону сунуштай алат. Казакстанда да, Өзбекстанда да мындай тажрыйба бар. Убакыт өзгөрөт, сот чечими туруп калбашы керек. Өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек”.
Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так жазылган.
Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле «Жогорку соттун чечими акыркы болот» деп жазылганын, бирок Жазык-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирди.