Ысык-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунда болгон окуя интернет булактарына тарап, талкууга жем таштады.
Анда кичинекей наристенин ыйлап жатканын, телефонго тартып жаткан аялдын дарыгерлерге нааразы болуп жатканын көрүүгө болот.
Бул окуя боюнча аталган ооруканадан төмөнкүдөй жооп беришти.
«Оорукана боюнча 1 инфекционист-дарыгер бар. Ал стационарда да, бейтапканада да иштеп жатат. Ал бир райондогу 177 миң кишини карайт. Башка дарыгерлер иштегени келбей жатышат. Эң өкүнүчтүүсү, канча кишини дарылаганы ушундай абалдар жууп кетүүдө. Анан мамлекеттик ооруканаларда иштеген дарыгерлер жеке менчик клиникаларга кетип калып жатат.
Жогорудагы видео боюнча айта кетсем, бул үй-бүлө биринчи күнү келгенде, чоӊ апасы менен чыр болгон экен. Ошондон тарта эле келген сайын ызы-чуу салып, «биздин баланы карабайсыӊар» деп жатты. Ал эми биздин инфекционист-дарыгерибиз аны өз убагында карап, дарыларын жазып, бала дарыгерлердин кароосунда болгон. Баланын дене табы көтөрүлгөндө, дарылап түшүрүшкөн.
Үйгө чыгар күнү кайра түнкүсүн дене табы көтөрүлдү. Анда дагы тиешелүү дарыларды беришкен. Ошондо дагы келип, видеого тартып, ызы-чуу салып, «силер эч нерсени дарылай албайсыӊар» деп жатты. Ал эми оору деген ушундай болот, ар кандай болуп кетет. Биздин дарыгерлер болгон аракети менен дарылап жатышты, бир аз күндө жакшы болуп калмак. Бирок болбой эле баланы Бишкек шаарына алып кетишти», — дешти дарыгерлер.