Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Токмок шаарындагы базарларга адамды жүзүнөн таануучу камералар орнотулду

Токмок шаарындагы базарларга 407 500 сомго адамды жүзүнөн таануучу 8 камера орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган каражат ири базарлардын администрациясы тарабынан чогултулган.

Камераларга Гагарин көчөсүнөн интернет тартылган. Эми ал ИИМдин Бишкек жана Токмок шаарындагы башкармалыктарынын онлайн байкоо пункттарына туташтырылат.

Бул камералар соодагерлер, шаар тургундарынын жана коноктордун коопсуздугун камсыздайт.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика