Бишкек—Ош унаа жолунун 132-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде бузулуп калган оор жүк ташуучу унаа чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине Бишкек—Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылып, атайын техника менен аталган унааны сүйрөп чыгарышкан.