Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

«Кадастр» ишканасынын Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, алар жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бирине таандык болгон 1330 чарчы метр турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин Н.М.И. аттуу жаранга мыйзамсыз каттап беришкен.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, кылмышка шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар бакша адамдарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика