Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Бангладешти жеңди

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатынын борбордук зонасында Бангладештин командасын жеңди.

Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын курамасы Бангладештин командасын 3:0 эсебинде жеңген. Кыргызстандын командасы буга чейин Непал жана Индиянын командаларынан жеңилген.

Эми команда турнирде 5-8-орундар үчүн ойноп, алгач «В» тайпасында 4-орунду ээлеген команда менен беттешет.

Мелдешке 8 мамлекеттен — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Индиядан келген курама командалар катышып жатат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын борбордук зонасы Непалдын Кутмандуу шаарында 20-май күнү башталып, 30-майга чейин уланмакчы.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика