Четверг, 1 июня, 2023
28.1 C
Бишкек

Жарык чачкан апаларга арналды

Токмокто 19-майда өлкөбүздүн ар дубанынан мейманга  келген баатыр апаларга  сый-урмат  көрсөтүү аземи шаңдуу өттү.  Ага Кыргызстанда май айынын ар бир үчүнчү жекшембисинде белгиленген   Энелер күнү себеп болду.  Чынында,апалар үйдүн куту, жашоонун башаты, алардын мээримин, сүйүүсүн, эч бир башка жан бере албайт.  Апалардын камкордугу бүт ааламды жарыкка бөлөгөн улуу күчкө ээ. Бул тууралуу шаардын мэринин орун басары  Айбек Сулайманов куттуктоо сөзүндө  билдирди.

Айтак кетсек, Энелер күнү быйыл өзгөчө белгиленди. Өлкөбүздүн баатыр энелери шаардын Шамшы көчөсүнөн борбордук аянтка чейин марш менен басып келишти.  Убагында 7-8,  10- 12 баланы төрөп, багып, чоңойтуп, эресеге жеткирген, алды 20 неберелүү жана бештен ашык чөбөрөлүү болгон апалар шаардын, райондун, облустун жетекчилеринин коштоосунда катарда сыймыктанып  өтүштү.
Апаларды  майрамы  менен быйыл  Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин министри  Кудайберген Базарбаев,  Кыргыз Республикасынын Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлүнүнү орну басары Гульмира Кыштобаева,  Кыргызстандын пенсионерлер  партиясынын төрайымы Замира Шабданалиева,  Токмок шаарынын атынан апаларды  жеке ишкер, шаардын Ардактуу атуулу  Айнура Айылчиева куттукташты.
Чүй районунун балдар искусство мектебинин комузчулар ансамблинин коштоосундагы “Маш ботой”  күүсү шаарды жаңыртты. Чүй районунун маданият бөлүмүнүн кызматкерлери,  белгилүү хореограф, Маданиияттын мыкты кызматкери  Наталья  Быкова жетектеген “Жылдыз”  элдик бий ансамблинин аткаруусундагы “Менин апам мыктынын мыктысы”, “ Гномики”,  “Кыргызстан” аттуу бийлери  жана №6 “Золотой ключик”  балдар бакчасынын аткаруусундагы  “Бурана”  бийи майрамдын  көркүн ачты.
Апаларга сый -урмат көрсөтүлүп, бул күнү шаарды жаңырткан ыр- күүлөр, шаңдуу бийлер Ааламга жарык чачкан апаларга арналды.

Бактыгүл  Байдылдаева.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика