Четверг, 1 июня, 2023
28.1 C
Бишкек

Москва районунда 1000 окуучу тоо жаңырта «Манас» эпосунан үзүндү айтышты

22-майда Чүй облусунун Москва районунда 1000 окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Махабат Кушчугулова билдирди.

Анын айтымында, «Урааным Манас» республикалык кароо-сынагынын райондук туру Ак-Суу айыл аймагына караштуу тоо этегинде жайгашкан Темен-Суу айылында өткөн.

«Тоо этегиндеги айылда боз үйлөр тигилип, элибиздин улуттук баалуулуктары менен жасалгаланды. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, атчандар туу көтөрүп, каада-салт, үрп-адат, нарктуулук жөнүндө сөз болду. 1000 окуучубуз тоо жаңырта «Манас» эпосунан үзүндү айтышты», — деди райондук социалдык өнүгүү секторунун башчысы Махабат Кушчугулова.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Аширбаева ар бир мектепте «Урааным Манас» кароо-сынагы өтүп, окуучулар мугалимдери менен биргеликте «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун даңазалаганын кошумчалады.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика