Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктарга конкурстук тандоону жарыялаганын билим берүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Казакстан бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлгөн.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында «2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу» бөлүмүнө катталып, керектүү документтерди ушул жылдын 22-июну саат 23:59 чейин жүктөшү керек.
Документтердин толук эмес тапшыргандар автоматтык түрдө четке кагылат.