Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 28.03.2023-ж. №131-т Тескемесин аткаруу максатында, курулуп жаткан имараттарды жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан төмөнкү курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү:- Орто-Сай айылындагы контур 5 дарегиндеги «Авангард сити» көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, «Авангард Стиль» ЖЧКсы;
— Токомбаев көчөсүндөгү 15/2 дарегиндеги «Елисей талаалары» жер астындагы автопаркинги менен турак жай комплекси,»Авангард Стиль» ЖЧКсы;
— Токомбаев көчөсү 15 дарегиндеги өз аймагында жер астындагы автопаркинги менен 14-кабаттуу турак жай комплекси, «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы.
Ведомстволор аралык комиссия шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун текшерүүнү ишке ашырды, ошондой эле курулуш объекттеринде бетондун бекемдиги текшерилди жана арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугу текшерилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 131-т Тескемесине ылайык ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жумуш аяктагандан кийин үч айлык мөөнөттө берилет.