Четверг, 1 июня, 2023
26.1 C
Бишкек

Ок атышуудан кийин Жээк айыл өкмөтү кызматтан кетти

Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы Ранат Абакиров ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов тастыктады.

Маалыматка ылайык, Ранат Абакиров өз каалоосу менен арыз жазып кеткен.

Абакиров Ранат Канатович бул кызматка 2021-жылы шайланып келген.

Эске салсак, 17-майда эртең менен Ысык-Ата районундагы Жээк айыл аймагына караштуу Дмитриевка айылында ок атылган. Андан көп узабай ИИМ расмий маалымат таратып, анда УКМК менен министрликтин ыкчам тобу террорчуну жок кылганын билдирди. Операция учурунда шектүү курал менен катуу каршылык көрсөткөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги аскер кызматкери менен милиционер жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирди. Алгачкы маалыматтар боюнча, алардын белине ок тийген.

Райондун акими Алмазбек Осмоновдун айтымында, шектүү киши эки күн мурун Дмитриевка айылынан ижарага үй алган.

ӨКМдин маалыматы: «17-майда эртең менен Дмитриевка айылындагы Совет көчөсүндө ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери куралчан террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Террорист каршылык көрсөткөндүктөн, ал жашап жаткан үй өрттөнгөн.

Окуя болгон жерге өрт өчүргүчтөрдүн 2 күжүрмөн эсеби тартылган. Абал кооптуу болгондуктан күч структураларынын операциясы аягына чыккандан кийин гана саат 12:28де өрт толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен аянты 303 чарчы метрди түзгөн жеке менчик турак күйүп кеткен».

Террорчуну кармоо операциясында чет өлкөлүк 18 жарандын документтери алар жашап жаткан үй менен чогуу күйүп кеткен. Райондук администрациянын маалыматы боюнча, меймандар Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырылды.

Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынган. Чет өлкөлүк жарандардын бири Беларустун, калгандары Россиянын жарандары. Алар Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып, эс алуу үчүн келишкен.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика