Республикалык археологиялык-архитектуралык «Бурана» музей комплексинде 10-майда «Ураным Манас» аталышындагы топ менен Манас айтуу кароо-сынагы республикалык деңгээлде шаңдуу өттү.
Аталган иш -чарага Чүй -Токмок билим берүү бөлүмүнүн мектептеринен 600 окуучу жана 45 мугалим катышты. Максаты – “Манас ” эпосун ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу, эпостун улуттук идеологиясын, баалуулугун, маани- маңызын, философиясын баса белгилөө менен калк арасында жайылтуу болду.
Кароо -сынактын жүрүшүндө кыргыз тили сабагынын мугалимдеринин катышуусунда Манастан уран чакырылып, Каныкейдин жомогунун 100 сабын айтуу жаш муундардын мекенчил, патриоттук сезимдери менен коштолду. Эки сааттан ашык убакытка созулган Манас айтуу кароо –сынагы “Бурана” мунарасын жана ага жакын аймактарды жаңыртты. Анын катышуучуларынын духун көтөрүп, жан дүйнөсүн козгоду. “Манас” эпосунун эмоционалдык күчү, касиети дал ушунда. Андыктан элибизде «башканы коюп, Манасты айт» деп бекеринен айтылбаса керек.
Б.Сыдыкова