Среда, 4 октября, 2023
13.1 C
Бишкек

«Жылдыздар” Кыргызстандын атын чыгарышты

Жакында Турция мамлекетинин Фетхие шаарында  эл аралык элдик бийлер  жана музыка  фестивалы  өттү. Аталган фестивалга Чүй районунун “ Жылдыз” элдик бий ансамбли   атайын чакыруу менен Кыргызстандын атынан  катышып, кайтышты.
Эскерте кетсек, фестиваль жылда өткөрүлүп, анда  ар өлкөнүн бий өнөрүнүн  мыкты чеберлери  аныкталышат. Анда жеңүүчүлөр болбойт. Элдердин маданияты? Достук мамилелерин чыңдоого басым жасалып келет.  Кыргызстандан башка бий майрамына  Болгария, Түндүк Осетия, Азербайжан, Грузия,  Индия жана Украинанын өнөрпоздору да чакырылышты.
“Жылдыз” элдик бий ансамблинин жетекчиси, белгилүү хореограф  Наталья Быкова билдиргендей,  фестивалдын программасы боюнча  анын ачылышы, спектаклдер, гала -концерттер жана сыйлыктарды тапшыруу аземдери  уюштурулду.  Бий фестивалы Турция мамлекетиндеги балдарды коргоо күнүнүн алкагында өттү.
Фестивалдын  жүрүшүндө анын катышуучулары  Фетхие шаарынын мэри  жана фестивалдын президентинин кабыл алуусунда мейманда болушту.  Алар тарабынан фестивалдын ар бир катышуучусуна  баалуу белектер берилип,  атайын дипломдор тапшырылды. Аны менен бирге фестивалдын уюштуруучулары тарабынан анын катышуучулары үчүн кеңейтилген экскурсиялар  өткөрүлдү. Бий майрамы  ар өлкөлөрдүн  маданий,  достук мамилелерин чыңдоого зор салымын кошуп,  унутулгус элетстерди калтырды.  Белгилей кетсек,  Фетхие шаарына  “Жылдыз”  ансамблинин бий өнөрпоздору өзүнүн жетекчиси менен  бирге былтыр дагы чакыруу менен барышкан.  Буга  бийчилердин ата -энелери  көмөк көрсөтүшүп,  алкышка жана мактоого  татышты.

Б.Байдылдаева.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика