Среда, 4 октября, 2023
13.1 C
Бишкек

Теги кыргызстандык жоокердин сөөгү Кара-Балтада жерге берилди

ЛЭРде минометтун огунан Кыргызстанда туулган Тимур Гатиятулин каза тапты. Бүгүн Жайыл районунда анын сөөгү жерге берилди.

Тимур Кара-Балтада төрөлүп, ошол жердеги мектепти бүтүргөн. Кийин Россияга көчүп барып, жарандык алып Ямало-Ненецкий автономдуу округунун Ноябрьск шаарында жашаган. Эмерек фабрикасында иштеген. Өткөн жылдын ноябрь айында Аба-десанттык аскерлердин катарына сапер кызматына чакыртылган. Тимурдун агасы Рафаэль Гариповдун айтымында, ал аскердик кызмат өтөө боюнча келишим түзгөн, майда кайтып келиши керек болчу.

Кыргызстанда туулган Тимур Гатиятулин Украинада минометтун огунан көз жумуп, бүгүн анын сөөгү Чүйдө жерге берилди.

45 жаштагы Гатиятулин акыркы он жылдан бери Россияда иштеп, өлкөнүн жарандыгын алган. Өткөн жылы өз ыктыяры менен Донецкиге кеткен. Маркумдун артында 10 жаштагы кызы калды.

“Энеси менен туугандарын кайгыртпаш үчүн Украинага талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин аткаруу үчүн кетип жатканын айтыптыр. Күрөш курчуп турган жерде кызмат өтөп жатканын кийин гана билдик. Акыркы жолу мен аны менен 10-январда сүйлөшкөм. Баары жакшы деген болчу. Беш күндөн кийин анын тобу аткылоого туш болгонун билдик. Тимур жана анын жанындагы аскер набыт болгон. Алардын сөөктөрү бирден чогултулду. Кимдин ким экенин аныктоого эки айдай убакыт кетти. Алардын арасында Тимур жок болсо керек деп абдан үмүттөндүк. ДНКнын анализи тастыктап отурат… Россияда анын эч кимиси жок. Ошондуктан сөөгүн бул жакка коюуну чечтик”, — деди ал.

Гатиятулинди акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары, достору, аскер комиссариаты менен Россия элчилигинин өкүлдөрү келди. Тимурдун мугалими Вера Ивановна Колягина да коштошуу зыйнатына катышып, окуучусу чыгармачыл адам болгонун билдирди.

“Тимур кичине кезинде эле жаркылдаган адам эле. Мындай адамдарды колунан баары келет деп коюшат. Ал сүрөттү мыкты тартчу”, — деди педагог.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика