Е.Кожомкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин базасында, «Ата-эне, мектеп бириксе балдарда болот келечек!»- аттуу «Ата-энелер мектебинин» облустук семинары болуп өттү.
Семинардын максаттарынын бири «Ата-энелер» мектебинин баалуулугун, пайдасын жана маанисин көтөрүү болуп саналат. Мындан тышкары балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө көмөктөшүүгө таасир кылуу, ата- энелердин балдарына болгон жоопкерчиликтерин арттыруу жана баланы тарбиялоодогу ата-эненин ролу кандай болуу керектигин анализдеп талкуулоо. Семинарга Панфилов районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Б.Ашыкеев, Чүй облусунун «Энелер мектеби» боюнча координатору Д.М.Сарбашова, Сокулук, Москва, Чүй-Токмок, Ысык-Ата, Кемин, Жайыл райондорунун “Энелер мектеби” боюнча координатор-лидерлери, Панфилов районунун Билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ата-энелер мектеби боюнча пилоттук мектептердин мугалимдери жана аталган мектептин ата-энелери катышышты. Семинар өтө жогорку деңгээлде өттү.
Мектеп директору Б.М.Тукуева мектебинде энелер мектеби боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча өз тажрыйбасын бөлүштү.
Семинарда «Ата тарбиясы», «Эне баланын 5 байланышы», «Балдарды кантип телефон, гаджеттерден алыс кармайбыз?», «Үй-бүлөдө бала тарбиялоонун кээ бир методдору»,
«Тарбиянын негизги багыттар», «Мен кандай ата-энемин», «Тарбиянын инсанга, коомго тийгизген таасири», “Жомок, уламыштардын тарбиялык таасири”, “Эне китеп окумайынча, бала китеп окубайт” деген темаларда ачык сабактар өтүлдү. Семинардын жыйынтыгында талкуу уюштурулуп, келген катышуучулар тренингден пайдалуу маалымат алганын айтышты.
Е.Кожомкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Ата-энелер мектеби» боюнча сабактар ар дайым өз убагында план боюнча системалуу түрдө өтүлүп, ата-энелер менен кызуу иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бүгүнкү иш-чарада атайын “Ата-энелер мектебине” арналган кабинет ачылып, анын ачкычы аталган мектептин ата-энелер комитетинин төрайымына тапшырылды.