Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы унаа базардын ичинде 3 унаа сүзүштү.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя 11-мартта болгон.
«Тойота» үлгүсүндөгү унаа сатылып жаткан унаалардын катарында эле турган. «Хонда Инспайр» үлгүсүндөгү унаасын сатып алуучу кардар тест-драйв (унааны текшерүү) кылам деп жатып, каршы келе жаткан «Хонд СР-В» менен кагышты. Андан кийин эки унаа «Тойотаны» сүзүп токтошту», — деди ал. Жабырлануучулар жок.