15-марттан баштап жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында Чүй облусунун Москва районунда көчмө аппараттык-программалык комплекс иштеп баштады. Бул тууралуу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, унаа кырсыктарын алдын алуу жана жогорку ылдамдыкта айдаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында көчмө аппараттык-программалык комплекс иштеп жатат. Бул жагдай, өзгөчө Бишкек—Кара-Балта унаа жолунда балдардын да жол коопсуздугун сактоодо өтө зарыл. Анткени, көптөгөн билим берүү мекемелери да унаа жол боюнда жайгашкан», — деп айтылат