Четверг, 1 июня, 2023
26.1 C
Бишкек

Кемин мэриясы таштандылар тууралуу маалыматка реакция жасады

Кемин шаардык мэриясы эки таштанды төгүүчү жай боюнча комментарий берди.

Маалыматкы ылайык, 12-март күнү болгон катуу шамал жана жамгырдын кесепетинен таштанды төгүүчү жайларда полиэтилен баштыктары учуп, жагымсыз көрүнүш жаралган. Бүгүнкү күндө тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

«Таштанды төгүүчү жайларда ар жума сайын ишембилик өткөрүлүп турат. Андагы тосмону калыбына келтирүү жана оңдоо максатында долбоор иштелип жатат. Жергиликтүү жашоочулар таштанды ыргытып, бардык жерди таштанды жайларына айлантып жатышат. Таштанды ташуучу 2 унаа жана 1 трактор күнүгө шаардын ичин кыдырып, таштанды чогултулат. Ошого карабастан жашоочулар жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгы өкүндүрөт.

Жергиликтүү калк арасында таштандыны урнага таштоо жана таштанды таштоочу жайлардын тегерегин таза кармоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишембиликтер уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кемин шаарында эки таштанды төгүүчү жай көп жылдан бери иретке келтирилбей келери айтылган.

Таштанды жайлардын бири Перевалька аймагында, кургак учук ооруканасынын жанында жайгашкан. Экинчиси Подстанциянын аймагында орун алган.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика