Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Тажикстанда 7.3 балл, Кыргызстанда 4.5 балл жер титиреди

23-февралда таңкы саат 5:37де Тажикстанда күчү 7.3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Силкинүү очогу Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном облусу менен чектешкен Тажикстандын Мургаб аймагында болгон. Жер титирөөнүн күчү Кытайда 7.2 баллга, Иранда 5.5 баллга, Өзбекстанда 3-4 баллга, Казакстанда 2-3 баллга жеткен.

Ал эми Кыргызстандын Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4.5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллдык жер титирөө катталган.

Тажикстандагы зилзала боюнча азырынча толук маалымат бериле элек. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин кабарлады.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика