Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 миң 672 кишиге, жабыркагандардын саны108 миң 68 адам жетти.
Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. “Өткөн түнү Элазыг провинциясында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Жабыркаган облустарда жер титирөө уланууда. Имараттарга кирүү кооптуу”, — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.
Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.