Четверг, 1 июня, 2023
28.1 C
Бишкек

Владимир Путиндин саясый бейнеси жана анын лидерлиги

Кебетеси, Путин жалындап күйгөн өрттөй, шок жигит, ал аял затын өтө сыйлай билген, алдыга койгон максатын пландоо менен ишке ашырган саясатчы.

Ал саясатты эле мыкты билбестен жан-жаныбарларга дагы өтө жакын, спорт менен машыккан лидер. Мисалы: иттерин жакшы көрүп сылап, же тукум курут болуп кетүү коркунучунда болгон Амур жолборсторун багууда жардам берип, орусиялык мамлекеттик телеканалдарда өзүнүн боорукерлигин дагы көрсөткөн.

2021-жылдын февраль айында, Орусиялык Левада борбору жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, орус жарандарынын 48% Путинди 2024-жылдан кийин да президент бойдон калышын каалашкан.

Батыштык саясатчылардын көбү мындай рейтингге ичи күйүп калышаар эле, бирок мындай сандар шайлоочулардын көбү Путинден башка Орусияда лидер жок, ал жалгыз вариант деп ойлошоорун билдиришкен.

Ооба, Путин 90-жылдардагы баш аламандыктардан кийин Орусияны салыштырмалуу түрдө туруктуулукка алып келгени үчүн саясий упайларды топтой алды.

Жалпы улуттук ар-намыстын калыбы келтирилишинен тышкары, Путин орто катмардын пайда болуп, гүлдөп өсүшүнө мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда, экономикада Москва гана үстөмдүк кылып, алыскы аймактарда, элет жеринде жакыр жашагандардын саны кескин түрдө азыйганын ММКлар байма-бай жазып келишет.

Мурдагы тыңчы, учурдагы президент…

Сынчылар Путинде анын дүйнө таанымын түзгөн советтик доордун белгилерин көрүшөт. СССРдин ыдырап кетиши менен орун алган коомдук дүрбөлөңдөрдөн кийин анын зоболосу көтөрүлүп, ооматы артып, ал бийликтин туу чокусуна жеткен. Буга чейин болсо ал чуулгандуу советтик коопсуздук кызматы — КГБнын тыңчысы болгон.

Анын жоро-жолдоштору, санаалаштары, жардамчылары, тегерегиндеги тааныштарынын көбүндө атайын кызматтар менен байланыштары болгон. Путиндин саясий жолу 90-жылдардын башында башталган. Ошол жылдары, Путин мурда ага университетте укук боюнча сабак окуган мугалими, Санкт-Петербургдун ошол кездеги калаа башчысы, Анатолий Собчактын башкы жардамчысы болгон.

1997-жылы ал Кремлдин босогосунан Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ — КГБнын жолун улантуучусу) жетекчиси катары кирип келип, кийинчерээк премьер-министр болуп дайындалат.

2000-жыл кирип келе жатканда, 1999-жылдын 31-декабрында, Орусиянын ошол кездеги президенти Борис Ельцин кызматынан баш тартып, Путинди Орусиянын президентинин милдетин аткаруучу кылып дайындап кетет.

Ошентип, Путин бийлик башына келет. Бирок, Орусиянын конституциясына ылайык, ал үчүнчү жолу президенттикке аттана албагындыктан, 2008-жылдан 2012-жылга чейин орус өкмөтүн жетектейт.

Путин 2012-жылы шайлоочулардын 66%нын добушуна ээ болуп, кайра бийлик башына келет. Бул шайлоо өнөктүгү добуш берүүнүн жыйынтыктары фальсификацияланышы боюнча айыптоолор менен коштолот.

Ал аскердик параддардын советтик стилдеги шаан-шөкөтүн калыбына келтирип, мурда тыюу салынган Сталиндин сүрөттөрү кайрадан коом арасында пайда болду.

Путин СССРдин кыйрашын «ХХ кылымдын эң ири геосаясий катастрофасы» деп атап, 1997-жылдан бери НАТОнун Орусиянын чек арасына көздөй кеңейип келе жатканын ар дайым сындап келет.

Ал эми, 2014-жылдагы Крым жарым аралынын аннексиясынан кийин, Орусиянын президенти Владимир Путин чөлкөмдөгү эң ири кадамын жасап, Украинага кол салып, көптөгөндөрдү айран-таң калтырган болушу мүмкүн. Бирок президент Путин Орусиянын таасирин калыбына келтирүү дымагын эч качан жашырган эмес.

Путин бийлик тизгинин 2000-жылдан бери колунда кармап келе жатат. Ал Орусиянын президенти жана өкмөт башчысынын кызмат орундарын ээлеп, Кремлди 1953-жылы каза болгон советтик диктатор Иосиф Сталинден кийин эң узак мөөнөт башкарган жетекчи болуп келе жатат.

2020-жылы Орусияда конституциялык реформа боюнча жүргүзүлгөн талаштуу добуш берүүдөн кийин, Путинге 2024-жылы аяктай турган, учурдагы төртүнчү президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да өлкө лидери бойдон калууга мүмкүнчүлүк берилди. Демек, ал 2036-жылга чейин Кремлдеги ордо тагында кала бериши ыктымал.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика