Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5 миң 894 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдирди, деп жазды РИА Новости.
«Азыркы учурда 5 миң 894 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 34 миң 810 адамга жетти», — деди Октай журналиcттерге маалымат берип жатып.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыяланды.