Вторник, 7 февраля, 2023
-2.9 C
Бишкек

Акимдин балатысы балдарга кубаныч тартуулады

Жылдын соңундагы райондо өткөрүлгөн унутулгус жана жарык майрамдардын бири — бул акимдин балатысы болду.  Өспүрүм балдардын чыгармачылык борборунда өткөрүлгөн  жаңы  жылдык майрамга райондун аз камсыз кылынган жана ден -соолугунан чектелген балдар чакырылышты.
Бөбөктөрдү Чүй районунун башчысы — аким Жыргалбек Шакиев куттуктады.  Райондун башчысы балдарга  чын ден соолук, бакубат жашоо, окууларына ийгилик жана жүздөрүнөн жылмаюу кетпешин каалады. Жыргалбек Тургунбекович  жаңы жылдык  балатыга келген 100 баланын ар бирине таттуу  белектерин тапшырып, балдарды кубанычка бөлөдү.  Акимдин дарегине ыраазычылыктарын айтуу менен балдар   жетекчиге ыр, бийлерин арнашты.
Балдар  үчүн  Чүй районунун маданият үйүнүн кызматкерлери  жомоктун каармандары катышкан оюн- зоок, викториналар коштогон майрамдык программаны жана  анын жигердүү катышуучуларына таттуу белектерди беришти.  Балдарды Аяз Ата менен Аяз кыз тосуп алышып, балатыны тегеренип, ырларды ырдап, бийлешти.  Аны менен балдарга жана алардын жакындарына  көңүл көтөргөн жакшы маанай тартуулашты.

Б.Байдылдаева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика