Четверг, 1 июня, 2023
26.1 C
Бишкек

Райондо мыкты айыл өкмөтү аныкталды

Чүй районунда жылдын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты   катары  Кегети айыл өкмөтү табылды. Бул тууралуу  Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким Жыргалбек Шакиев 10 –январда өткөн кезектеги аппараттык жыйында  билдирди.  Аны менен район башчысы  Чүй районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана мыкты көрсөткүчтөргө жетикшендиги үчүн  2022-жылдын жыйынтыгы менен  Чүй районунун Кегети айыл өкмөтү  «Жылдын мыкты айыл  өкмөтү»  номинациясын тастыктаган дипломду аталган айыл өкмөттүн башчысы  Калыс Медетовго тапшырды.
Белгилей  кетсек, былтыр Ысык-Көлдө эс алуу сезонунун ачылышына карата   Чүй облусунун өкүлдөрү  ага арналган иш-чараларга  жигердүү катышышып, боз үйлөр тигилип, маданий иш-чаралар уюштурулган. Чүй районунан бул милдеттер Кегети айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлгөн болчу.   Натыйжада, бардык көрсөткүчтөр боюнча Чүй району биринчиликти жеңип алган. Анын артында Кегети айыл өкмөтүнүн жетекчиси Калыс Самудиновичтин кошкон  уюштуруучулук салымы чоң болду.
Аны менен бирге Кегети айыл өкмөтүндө жыл ичинде  калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында  Чапай айылында   жаз алды менен 13 миллион сомдук  долбоор ишке ашты. Ага  облустук өнүгүү фондунан  2 миллион сом бөлүнгөн. Таза суу долбооруна  Корея мамлекетинин жараны Ван Гук   аттуу жеке ишкер  130 миң доллар каражатын кошуп, демөөрчүлүк жардамын көрсөткөн.  Натыйжада, Чапай айылынын 186 түтүндөн  турган 1300 калкы  жана Ак-Бешим токой чарбасынын 14 түтүн калкы  таза суу менен камсыз болушкан.  Аны менен бирге июнь айында  Чапай айылына Катар кайрымдуулук фондунун жардамы менен  1 миллион 800 миң сомдук долбоордун алкагында ФАП курулуп, ишке берилген. Ал эми июль айында ошол эле Катар кайрымдуулук фондунун жардамы менен 1 миллион 700 миң сомдук мечит курулду.  Учурда ирригация тармагы  боюнча  долбоор ишке ашууда. Анын алкагында Кегети  айылынын  Дөң каналы жасалып жатат.  18 миллиондук долбоор Кегети айылынын БСРнен  Акматбек айылы аркылуу Чапай айылына чейин курулмакчы .  Калыс Медетовдун айтымында, бүгүнкү күнү  жумуштардын 70 пайызы аткарылды. Дөң каналынын курулуш иштери  быйылкы жылы  да улантылып, аталган айылдардын дыйкандарын сугат суусу менен камсыз кылмакчы.
Кегети айыл өкмөтүндө  мактоого арзыган иштер башкаларга да үлгү болуп,  жаңы  ийгиликтер менен коштолоруна ниет кылалы.

Б Байдылдаева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика