Вторник, 7 февраля, 2023
-2.9 C
Бишкек

Жаңы ачылган мектепте иш процесси жанданды

Райондо 2022-2023-окуу жылында Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан жетим балдар үйүнүн статусу өзгөрүлүп, толук орто мектеп болуп ачылган эле. Учурда  кесипкөй адис катары билим берүү тармагында 19 жылдан берүү үзүрлүү эмгектенип, мурдагы жетим балдар үйүндө бир жыл директорлук кызматты аркалап,  азыркы кезде Военно-Антоновка толук орто мектеби болуп аталган бул мектептин алгачкы директору болуп дайындалган тажрыйбалуу педагог А.Норусбаева жетекчи катары ийгиликтүү иш алып барууда. Жаңы ачылган мектепте 1-класстан 10-класска чейинки 1060 окуучу билим алып жатышат. Мектепте  кыргыз жана орус класстарды кошкондо жалпысынан  42 класс бар.  Окуучулар эки нөөмөт менен беш күн  окушат. Ал эми эмгек жамааты тууралуу айта турган болсок, мектепте  56 мугалимден тышкары күзөтчү, техникалык персоналдарды кошкондо мектепте жалпысынан 70 адам  иштейт. Мурда жетим балдар үйү кезинде мектеп орус тилдүү болгондуктан ал учурдагы китептер менен орус класстардын окуучулары камсыз болушкан. Кыргыз класстарга китептер райондук билим берүү бөлүмү тарабынан берилген.

Андан тышкары балдарына ата-энелер керектүү китептерди өздөрү сатып беришкен.   Мугалимдер үчүн бардык кабинеттер жетиштүү. Мектеп жаңы ачылганда сентябрь айынын орто ченинде  билим берүү министри У.Мамбетакунов  келип 6 компьютер белек кылган.

Жаңы мектеп ачылганына байланыштуу эмгек жамааты да жаңырды. Мурунку жетим балдар үйүндө иштеген мугалимдер да бар. Ишке жаш адистер  көбүрөөк тартылды. Буюрса эми аларды биринин артынан бирин өз билимин өркүндөтүүсү үчүн курстарга жөнөтүп турам. Мен өзүм бул мектеп ачылганда алгачкы директор болдум да. Андыктан өзүмдүн артыма из калтырып кетсемби деп ойлойм. Окуучуларыбыз райондук, облустук жана республикалык олимпиада, спартакиадаларда алдыңкы орундарга ээ болуп турушса баарыбыз мектебибиз менен сыймыктанабыз. Максатым-мектептин билим сапатын жогорулатуу жана аны алдыңкы мектептердин катарына кошуу-дейт мектептин директору Айзада Коргонбаевна.

Дегеле табиятынан тартипти жактырган, кандай маселе болсо да ортого салып эмгек жамааты менен бирге чечкен каарманыбыз мыкты жетекчи катары бүгүнкү күндө мектепте өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

                                                                         Нурлан  ИСАМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика