-2022-жыл райондогу Фрунзе айыл өкмөтү үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Бир нече жылдар бою райондогу дотацияда турган айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети жыл жыйынтыгында 25 млн. сомго жетти. Албетте, мындай көрсөткүчкө жетишүү оңой-олтоң иш эмес. “Эмгек эрезеге жеткирет”-демекчи, айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келе жатканына бир жарым жылдан ашкан иштерман жетекчи Байысбек уулу Бекбийдин үзүрлүү эмгегинин натыйжасында айыл аймакта алгылыктуу иштер аткарылды. Эмесе аткарылган иштердин айрымдарына токтолуп өтсөк: Фрунзе айылындагы мектеп, бала бакча жайгашкан борбордук көчөдө жалпысынан эки чакырым тротуар жасалган. Курулганына 30 жыл болгон 800 орундуу муниципалдык бир бала бакчанын чатырлары жаңыртылып, ошону менен бирге 25 жылдан бери алмашылбаган жылуулук түйүнү толугу менен оңдоттурулган. Комсомол айылында Араб фонду менен биргеликте жалпы суммасы 36 млн. сомдук долбоор башталып, азыркы кезде иштин 60 пайызы бүткөрүлгөн. Бул айылдагы окуучулар мурда 9-классты бүтүргөндөн кийин Ат-Башы айыл аймагына караштуу Акжол айылынан тышкары шаарга да барып окушчу. Буюрса эми айылда 450 орундук мектеп курулганы жатат. Бүгүнкү күндө мектептин дубалдары көтөрүлүп, чатыры жабылып, имараттын ичиндеги жумуштар башталды. Мындан тышкары Араб фондунун көмөк көрсөтүүсү аркылуу мектеп, бала бакча жана фельдшердик-акушердик пункт курулмакчы. Арабдардын өздөрүнүн койгон талаптарына байланыштуу Комсомол айылында медресе менен бирге мечиттин курулуш иштери да жүргүзүлөт. Фрунзе айылында 1948-жылы курулган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун барак тибиндеги имараты эскилиги жетип, жараксыз абалга келгендиктен бүгүнкү күндө имараттын дубалдары кайрадан тургузулуп, терезелери коюлуп, чатыры жабылып, жылуулук системалары орнотулууда. Студенческое айылындагы 4-класстан жогорку окуучулар билим алган мектептин алдына таманташ төшөлүп, спорт залдар оңдолуп, башталгыч класстар окуган мектептин сыртына оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Фрунзе айылында дагы мектептин аянтчасына 500 чарчы метрлик таманташ төшөлүп, дааратканасы калыбына келтирилди. Комсомол айылында 2008-жылы жаңы курулган мектептин жылуулукту кармаган шыбы өтө эле жука болгондуктан жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн. сом акча каражаты жумшалып шып кайрадан жаңыртылды. Жалпы республика боюнча өткөрүлгөн “Айылдарды таза суу менен камсыздоо” аталышындагы долбоорго 12-айыл өкмөт болуп катышкан Фрунзе айыл өкмөтү иштин жыйынтыгында жеңүүчү аталып, ошонун негизинде азыркы кезде ийгиликтүү иштер аткарылууда. Быйылкы жылдын февраль айынын башында Комсомол айылында жаңы түтүктөр тартылып, суу мунаралары толугу менен орнотулуп, жергиликтүү тургундар жүз пайыз таза суу менен камсыз болушат. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Байысбек уулу Бекбийге кайрылганыбызда: “Азыркы иштеп жаткан президентибизге айлык акыбызды жогорулатып бергени үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Чындыгында ишке болгон жоопкерчилик көбөйгөндүктөн кызматкерлердин иши кадимкидей жандана баштады. Мурун ишке берилип иштегендер менен бирге эптеп күн өткөргөндөр болсо, эми баардыгы теңелип бирдей жумуш аткарып жатышат деп айтаар элем. Айыл өкмөт тарабынанбы, салык жагынанбы, же жер боюнчабы бардык кызматкерлер кайрылган жарандарга жакшы мамиле жасашат. Убагында маселелердин баары чечилет. Бүгүнкү күндө кадр маселеси толук чечилген. Ар бир адис өзүнө тиешелүү тармак боюнча жогорку деңгээлде иш алып барат. Мен өзүм бул кызматка алгач келгенде беш жылга атайын план түзгөм. А, бирок ар бир жыл сайын жаңы ойлор жаралып, ошол эле учурда элдин койгон талабы да болот экен. Ошого жараша кээде пландарым өзгөрүп кетет. Ал пландарды бир жылдык кылып түзүп алып, депутаттар менен биргеликте макулдашып аткарам. Дегеле бюджетти көбөйтүү боюнча негизги планым бар. Анткени айыл өкмөттүн бюджетиндеги акча каражаты канчалык көбөйсө, ошончолук бир топ иштер аткарылат экен. Мен өзүм ушул айылдын тургунумун. Андыктан эң негизги максатым-айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүү”-деп өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу кошумча маалымат берди.
Нурлан ИСАМАТОВ