Вторник, 7 февраля, 2023
-2.9 C
Бишкек

Москва районунда жыл жыйынтыкталды

Өткөн жылдын акыркы күнүндө  Москва районунун акими Ниязбек Козуевдин төрагалыгы алдында райондук  түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары, коомдук ишмерлер жана активдердин катышуусунда жыйынтыктоочу жыйын болуп ɵттү. Жыйында Москва районунун  башчысы — аким Н.Э.Козуев 2022-жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Район башчысы өткөн жылдагы жетишкендиктерге токтолуп  жана ошону менен бирге эле кемчиликтерди да айтып өттү.

-Москва районунда жалпы 103 миң киши жашайт. Көп улуттуу районбуз. Биздин райондо 12 улуттардын диаспоралары бүгүнкү күндө иштеп жатышат. Ошол диаспоралар анан көп улуттуу элибиз менен бир топ жакшы жумуштарга жетиштик.

Жыл жыйынтыгынын  көрсөткүчүнө токтолсом,  2022 –жылда жергиликтүү бюджет боюнча  168 млн 800 миң сом планга коюлган, аны биз 117,1 пайызга ашыгы менен чогулттук.  Ошондой эле республикалык бюджетти да былтыркы жылга  салыштырмалуу 113 пайызга көп  аткардык.

Салык маселелери боюнча  кошумчалай кетсем, айыл кеңештеринин депутаттары жана айыл өкмөт башчылары менен чогуу бир топ иштерди аткаргандыктан, жергиликтүү  бюджеттин өсүү темпи 127,5 пайызды түздү.  Бул багытта дагы иштерди улантып жатабыз.

Көйгөйлүү маселелердин бирине кирген ичүүчү суу маселеси  Беловодски айылында көп жылдан бери чечилбей келген экен. Бирок ошондой болсо дагы Беловодски айыл өкмөтүндөгү көп кабаттуу үйлөргө өзүнчө скважина курдуруу боюнча демөөрчүлөр менен макулдашууларга жетиштик жана ошондой эле бул боюнча айыл өкмөтүнө тапшырмалар берилди. Дагы бир көп жылдан бери чечилбей келген “Урожайный” райондук  балдар спорттук мектеби Беловодски айыл өкмөтүнүн  балансына өткөрүлүп берилди. Буйруса, 2023-жылдын бюджетинен анын капиталдык ремонтуна акча бөлүнөт.

Ал эми жол маселесине токтоло кетсем. 2022-жылда 12 км 200 метрдей жолдо асфальтоо иштери болду. 27 км жолго шагыл төгүлүп, грейдирлөө  иштери бүттү. Бирок ошого карабастан Беш-Терек айыл өкмөтүндө жол көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Анткен себеби, ал жакка бара жаткан  жол Кара-Балтанын ДЭУна карайт, ал эми айыл өкмөтүнүн өз каражаты жолду оңдоого  жетишпейт”, — деп белгиледи өз сөзүндө район башчысы.  Ошондой эле маалыматка ылайык, былтыркы жылда 12 айыл аймактарынын ичинен Ак-Суу айыл өкмөтү дотациядан чыккандыгы белгилүү болду. Андан тышкары аким Н. Козуев социалдык обьектилердин курулушу тууралуу, инвестициялар  жана  райондук Өнүгүү Фонду тарабынан ишке киргизилген долбоорлор, ошондой эле   ири ишканалардын курулуштары пландаштырылып жаткандыгы тууралуу айтып өттү.  Жыл жыйынтыгында өнөр жай жана экономиканын, социалдык тармактардын, айыл чарбасынын өнүгүшүнө канааттандыраарлык  баа берилди.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө жер участогуна менчик укугу боюнча 20 мамлекеттик акт тапшырылды жана  Москва районунун айырмаланган кызматкерлери ар кандай номинациялар боюнча “2022-жылдын мыктысы” наамына ээ болушту. Мындан тышкары жогорку сапаттагы жана ак ниеттүү эмгеги үчүн ардак грамоталар тапшырылды.

Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика