Вторник, 7 февраля, 2023
-2.9 C
Бишкек

Бишкек-Ош унаа жолундагы абал тууралуу

Бишкек-Ош унаа жолунада өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн  даярдалган күч жана каражаттар тууралуу маалыматты редакциянын кабарчысына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жайыл району жана Кара-Балта шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Эркин Мусуралиев жана  Жайыл району жана Кара-Балта шаары боюнча бөлүмүнүн улук офицери Эргешбай уулу Улукбек беришти.

Аномалдуу суук күтүлүп жаткандыгына байланыштуу Жайыл районунун ыкчам штабынын отуруму да болуп өттү.

Абанын кескин өзгөрүлүшө  жана кыш мезгили келиши менен, ошондой эле мүмкүн боло турган өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында, Жарандык коргонуу кызматтарынын   өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, күч жана каражаттары даярдыкта турууда.     «Бишкек-Ош» унаа жолун 61-209 чакырымын бүгүнкү күндө 12 киши  тейлейт, ал үчүн  төмөндөгү  күч жана каражаттары даярдыкта турат:

— Автогрейдер MG-430 –5 даана,фронталдык жүктөгүч – 3 даана, автосамосвал МАЗ – 4 даана,атайын унаа МДК-5337 (пескоструй) — 3 даана , Урал-1 даана, Хово-2 даана

Жалпысынан 13даана техника даярдыкта.

Каражаттар:129 чакырымда: кум шагыл -1200тн   туз 60 тн,132 чакырымда- кум шагыл-800 тн,  туз 40 тн,160 чакырымда: кум шагыл-500 тн, туз 20тн, 198 чакырымда: кум шагыл-600тн,   туз 40 тн. Жалпысынан —  туз-120 тн,   Кум-шагыл аралашмасы-3100 тн.

Бишкек-Ош жолунда катталган өзгөчө кырдаалдарда, алдын ала кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү учурунда жана аба-ырайдын кескин өзгөрүшүндө жол тыгындары пайда болгон учурда, Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук ӨКБнүн өздүк курамы  менен биргелешип Сосновка айыл өкмөтү Сосновка айылында жайгашкан ББЖКК (ГУОБДД) Батыш-1 постунда жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга өз убагында тамак берүү, жылытуу пункту уюштурулуп келет. Бүгүнкү күндө КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 500 адамга берилүүчү ысык тамак ,  чай-наны бөлүнүп берилип   турат. Сосновка айыл аймагынын бюджетинен өзгөчө кырдаалга 50 миң сом акча кара жаты каралган, азык-түлүк алууга 1 дүкөн менен келишим түзүлгөн.

Сосновка постунда унаалардын баардык түрүнө чектөө койулган учурда жарандарга жылытуу пункту уюуштурулган, Кара-Балта шаарынын  №10 мектеп- лицейинин жатаканасында 50 жаранга орун дайындалган.

Ошондой эле 1 даана тез жардам унаасы нөөмөткө коюлуп, жүргүнчүлөргө ар түрдүү жардам көрсөтөт.

Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында куткаруучулар пункту жайгашкан 5 куткаруучу   1 атайын куткаруучу унаа (ниссан) нѳѳмѳт жүргүзѳт. Ошондой эле ФАП-Токойлуу 3 кызматкер жана 1 даана тез жардам унаасы дайыма нөөмөттө турушат.

Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөткө койулган 1 даана УРАЛ 500л күйүүчү майы менен айдоочусу пр-к Улан уулу А.   жана ошондой эле 1 даана тез жардам унаасы нөөмөттө турушат. Ошондой эле Таш-Көмүр атайын отрядынын 3 куткаруучу 1 атайын кутакаруу унасы нөөмөттө турат.

2023-жылдын 11-январын карата маалымат.

Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашууда кар жаап жатат, унаа тыгындары катталган эмес унаалар эки тарап өтүүдө. №9 ЖТИсы тарабынан жолго кум шагыл себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек-Ош унаажолунун 80-чакырымында жайгашкан Сосновка постунда 2023-жылдын 10-январында саат 17:00дөн тартып мунай зат ташуучу жана чоң жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип, азыркы учурда 47 даана автоунаа токтоп турат. Калган унаалардын баардык түрүнө жол ачык.

Ошондой эле, 2023-жылдын 10-январында Бишкек-Ош унаа жолунун  134-135-чакырымдар аралыгында кар көчкү түшүп, унаа жолун эки тараптуу жаап калган. Түшкөн кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү жалпы 4000 м3 түзгөн, Кар көчкүнү тазалоо учурунда Бишкек-Ош унаа жолунун 80-чакырымында жайгашкан Сосновка постунда саат 23:00дө унаа жол каттамы убактылуу толук жабылып, саат 00:15те жеңил автоунаалар үчүн жол каттамы ачылган.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 80 чакрымындагы Толкун-1 постунда  жылытуу жана тамактануу пунктун уюштуруу үчүн КР ӨКМги тарабынан 2 даана мобилдик турак үй коюлуп, электр жарыгы киргизилген. Жайыл РМАсы жана райондук ӨК бөлүмү тарабынан 500 адамга жетерлик идиш-аяктар, кофе жана чайлары, титан, меш, отун даярдыкка койюлган, 50 адамга жетерлик жууркан-төшөктөр камсыздалган.

Сосновка айыл аймагынан 50 000 сом акча каражаты каралып,  жергиликүү дүкөндөр тамактануучу жайлар менен келишим түзүлгөн.

2023-жылдын 11-январында Сосновка айыл өкмөтү Сосновка айылында жайгашкан ББЖКК (ГУОБДД) Батыш-1 постунда жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга өз убагында тамак берүү, жылытуу пункту уюштурулган.  Бүгүнкү күндө КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 500 адамга берилүүчү ысык тамак (кукси) чай наны бөлүнүп  бүгүнкү кундө оор жук ташуучу жана мунай зат ташуучу унаалардын  айдоочуларына 27 адамга ысык чай, тамак берилип жатат.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика