Вторник, 7 февраля, 2023
-2.9 C
Бишкек

Азамат ИСРАИЛОВ: “ Башкы максатыбыз жол коопсуздугун сактоо, жол кырсыгын алдын алуу ЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛУУ”

Жыл өткөн сайын өлкөбүзгө миңдеген автомашиналар сатылып келип, жол бетин бербей келет.Өзгөчө чакан борбор шаарыбыздын көчөлөрүндө автоунаанын көптүгүнөн ар бир бурулуштарда, сфетофордун алдында тыгындар пайда болуп, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү бушайманга салууда. Көчө бетин бербеген автоунаалардын көптүгүнөн айдоочулардын жол эрежесин так сактабагандыктан, атайын коюлган белгилерди тоготпой катуу ылдамдыкта айдаган, спирттик ичимдикти сеп этип алган дардаңбай айдоочулардын кесепетинен күнү куру эмес адам өмүрүн алган жол кырсыктары катталууда.   

Атайын талдоого таянсак, көпчүлүгү айдоочулардын өздөрүнүн күнөөлөрүнөн улам жол эрежесин одоно бузуулар көп кездешүүдө. Мындай көрүнүштөрдүн 70 пайызы акыркы күндөрү эл ташуучу кичи автоуналар аварияга учурашы көп болууда. Жол кырсыктарын алдын алуу максатында автоинспекциянын кызматкерлери өз милдеттерин  мыйзамдуу аткарышып алардын  талыбаган аракеттери менен акыркы айларда жол коопсуздугунда болуп келген кырсыктар бир топ азайган. Өз кызматынын өтөсүнө чыгып,  чечкиндүүлүгү менен иштерди таасын, так аткарып келаткан Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министирлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги  Азамат Исраиловду маекке тарттык.

 -Азамат Бакирович, республикадагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери туралуу  кабардар кылсаңыз ?

-Биздин эң биринчи максатыбыз жол коопсуздугун сактоо жана жол кырсыгынын алдын алуу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында эскертүүчү, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келүүдөбүз.Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери ар дайым рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат. Үстүбүздөгү жылдын бир жумалыгын аралыгында эле 3 миң 925 милициянын кайгуул кызмат башкармалыгын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарынын жана жол эрежелеринин одоно бузуулары аныкталды .

Жаңы мыйзам долбоору боюнча ылдамдыкты ( белгиленген ылдамдыктан, 60 чакырым деген жерден 101 чакырым менен айдаса) 40 чакырымдан 60 чакырымга чейин ашырса,7,5 миң сом болду. Ал эми 60тан ашырса, 15 миң сом төлөнөт. Карама-каршы тилкеге чыгууга 15 миң сом болот. Ошол эле учурда, одоно жол эреже бузуулар кайталанган учурда, айдоочу кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Аны менен бирге, 70% жеңилдик мурда 15 күн берилсе, азыр аны бир айга көбөйтүп жатабыз. Автобейбаштык кылган айдочуларга айып пул азыр 7,5 миң сом болсо, алдыда 15 миң сом болот. Бул мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан экинчи окууда жактырылды.

 

Күбөлүктөн ажыратуу тууралуу айрым нормалар учурда кандай болууда?

-Мас абалында, баңгизат же психотроптук заттарды колдонуп унаа айдаса же жол кырсыгы болгон жерден качып кетсе, айдоочулук күбөлук 3 жылга алынат. Мурункудай айып пул төлөө коомдук иштер болбойт. Айдоочулук күбөлүк ала эле адамдар мас абалында кармалса 3 күнгө камакка алынат. Мас абалында (баңгизат же психотроптук зат колдонуп) жол кырсыгына кабылса, айдоочулук күбөлүктөн 10 жылга ажырайт. Жаза мөөнөтү аяктагандан кийин кайра кайталанса, өмүр бою айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Ошол эле учурда унаа эси мас адамга айдаганга берсе, ичимдик ичкен киши күбөлүктөн ажыратылып, унаа ээсине 20 миң сом айып пул салынат.

Коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп жаткандыр?

-6-декабрында Дордой базарында жайгашкан “Жанбото-Ата”  мечитинде Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгын кызматкерлери Бишкек шаардык казыят өкүлдөрү жана борбордогу мечит имамдары менен жол кыймылынын эрежелери боюнча алдын алуу маегин өткөрүштү. Борбор калаабыздын 67 мечитинин имамдары менен жол эрежелеринин сактоо боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча кеңешме болуп өттү. Ал кеңешмеде Бишкек шаарынын жол боюнда жайгашкан мечиттерде жана жол боюндагы мечиттердин айланаларында баш аламан калтырылган транспорт каражаттарын иретке келтирүу, жол кырсыктарын алдын алууга багытталган профилактикалык иштерди күчөтүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырууга макулдашылды.Дин кызматкерлеринин транспорт каражатын башкарып жаткандарынын баарына унаа токтотуу эрежелерин эскертүүнү, ошондой эле мечитке келгенде унааларын дээрлик жолдун ортосуна калтырбоо боюнча макулдашылды.  Мындан тышкары инспекторлор намазга келгендерди жол кыймылынын башка катышуучуларына жана жалпы эле жолдогу кыймылга урмат-сый менен мамиле кылууну эскертүүнү суранышты. Жол кыймылынын коопсуздугу эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат жана аны чечүүгө руханий өкүлдөр да активдүү кошулуп көзөмөлгө алуу эң маанилүү экени айтылган. Аталган кеңешмеде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргеликте иш алып баруу, жума күндөрү мечиттердин айланасына ирети жок токтоткон айдоочуларга түшүндүрүү менен жол тыгынын болтурбоо маселелери да талкууланды. Мындай жолугушуулар мектептерде, окуу жайларда байма-бай өткөрүлуп турат.

— Айып пулдун огеле көп салынышы айдоочулардын жалпы эле коомчулуктун нааразылыгын туудуруп келүүдө. Бул боюнча кандай маалыматтарды бере аласыз?

— Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан коомчулуктун оюн эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Бузуулар Кодексинин” кээбир  беренелерине кошумча жана өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор сунушталды. Буга байланыштуу, ушул мыйзам долбоору кабыл алынган болсо жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишеними жогорлооруна таасир этет, анын ичинде “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашырууда жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так аткарганга, коомдук коопсуздукту сактоого чоң түрткү берет, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларына тартипти сактоо боюнча жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатылат.  Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпашы зарыл. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын эсибизден чыгарбасак.

 

— Азамат Бакирович, республикадагы жол  эрежелерин сактоо боюнча жол белгилери кыргызча коюлганына күбө болуп жүрөбүз. Бул жакшы көрүнүш. Ал эми мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сиздердин Башкармалыкта кандай иш-чаралар өтөт ?

— Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө кандайдыр бир өлчөмдө мамлекет,өкмөт, кыргыз тили боюнча коомдук уюмдар тарабынан дурус көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматта иштегендер кыргызча таза сүйлөп, иш кагаздар жалаң мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн деген ыймандуу талапты Президентибиз тарабынан бул маселе кабыргасынан коюлуп, иш жүзүнө ашыра баштады.   Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча “Улуттук программасын жетекчиликке алып, биздин Башкармалыкта  кызматкерлербиз мамлекеттик тилди эркин, акысыз жана ыктыярдуу түрдө үйрөнүүлөрү үчүн тийиштүү деңгээлде бардык зарыл материалдык техникалык шарттар түзүлгөн. Иш кагаздарыбызды кыргыз, орус тилинде жүргүүзүгө туура келет.   Тилибизди таза, дилибизди бийик сактаган кийинки муундун жан дүйнөсүн жаңыртып, өз элинин улуу руханий баалуулуктарын барктап-баалап өсүшүнө өбөлгө түзгөн жаңы муунга салабататтуу, адеми сүйлөп, өрнөк болушубуз керек. Урматтуу кыргыз элим,  кесиптештерим,  Бардыгыбыз жакшы тилектер менен күтүп жаткан 2023-жыл да кирип келип калды.Жалпы эли журтумду жаңы жылыңыздар менен куттуктап, сиздерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Жаңы жыл силер үчүн ден соолуктун, тынчтыктын, токчулук менен молчулуктун, ийгиликтердин жана үй бүлөлүк бактылуу турмуштун жылы болсун. Жол кырсыктарынан алыс болуп, дайыма бар болуңуздар !

Асан  АКМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика